Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 509 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын 27-апрелинде-ги № 1840-III токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседани-есинин 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 8 протоколуна ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнчаатайын эсеп (мындан ары - Атайын эсеп) ачсын; - Атайын эсепке республикалык бюджеттен 50 млн.сом өлчөмүндөгү ка-ражатты которсун; - белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга респуб-ликалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдасын. 2. Атайын эсеп жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 3. Атайын эсептен каражат бөлүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнчечими боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынынкоргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев