КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 510 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген корутундунун негизинде Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасы-нын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр А.Атамбаев 2007-жылдын 23-октябры № 17-57/40 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин депутаты Ө.Ч.Текебаев демилге көтөргөн "Кыргыз РеспубликасынынСалык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республи-касынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу ме-нен аны кабыл алуу төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-тейт. Аталган Мыйзам долбоору жеке адамдардын жылдык жыйынды кирешесинкошумча ай сайынкы эсептен чыгарууну көбөйтүүнү болжолдойт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "тирлик минимумунун белгилен-ген нормасы" деген түшүнүккө аныктама берилген эмес. Ошол эле убакта "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык минималдуу керектөө бюд-жети - адамдын керектөөсүн жол берилген минималдуу дењгээлде камсыз кы-луучу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен тейлөө кызматтары-нын наркын аныктоочу, мамлекет тарабынан дайыма белгиленип туруучу көр-сөткүч. Жашоо дењгээли - калктын жашоо тиричилигине зарыл болгон тур-муштук керектөөлөрүн камсыз кылуучу материалдык жана рухий жыргалчылык-тар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы. Минималдуу керектөө дењгээлинин гарантияланган өлчөмү бир адамга2006-жылдын 1-январынан тартып айына 175 сомду түзөт. Минималдуу керектөө бюджетинин көлөмүнүн наркы калктын жан башына2007-жылдын 1-январына карата 2527 сомду түздү, ушул убакта орточо эм-гек акы 2007-жылдын 1-августуна карата 3727 сомду түздү. Мыйзам долбоорунда жеке адамдардын жылдык жыйынды кирешесин кошум-ча ай сайынкы эсептен чыгарууну көбөйтүүнү болжолдоочу чаралар карал-ган, ал бюджеттин киреше бөлүгүн орчундуу жоготууга алып келет. Демек, кирешени төлөөчү булактардан кармалган 2007-жылдын 8 айыүчүн киреше салыгынын жыйымы 1138,9 млн. сом, анын ичинде бюджеттикуюмдардан, билим берүү уюмдарынан, саламаттык сактоо жана социалдыккамсыздоодон түшүүлөр 350 млн. сомду түздү. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, алдын ала эсептөө боюнчабюджеттин киреше салыгы боюнча жоготуусу 500 млн. сомдон ашыкты түзөт,бул бюджеттик каражаттын өтө чектелген шартында калктын социалдык жак-тан корголбогон катмарына (стипендиялар, жењилдиктер, пособиелер, эмгекакылар) терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөр-дү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуумаксатка ылайыксыз деп эсептейт. Премьер-министр А.Атамбаев