КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 515 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасындагы эпизоотиялык кырдаал жөнүндө Республикада 87 мамлекеттик ветеринария мекемеси иштейт, алардаиштеген адистердин жалпы саны 720 адам, 602 приваттык ветеринардык тү-зүмдөр бар, аларда 964 адис иштейт. 2007-жылдын 8 айында 24,3 млн. баш малды ветеринардык текшерүү бо-юнча иш-чаралар, анын ичинде диагностикалык изилдөөлөр (лабораториялык-тан тышкары) - 3,7 млн., алдын алуу эмдөөлөрү - 12,2 млн., дегельминта-циялар жана башка дарылоо-алдын алуу иштери - 8,4 млн. малга жүргүзүл-гөн. 1332,8 мињ кв.м. мал багылуучу жайлар жана жерлер дезинфекциялан-ган. Көрүлгөн чараларга карабастан эпизоотиялык кырдаал өтө татаал бой-дон калууда. Бул эпизоотиялык абалга контролдуктун кыйла начарлашынан,жугуу очокторунун пайда болушу жана айыл чарба малынын өзгөчө коркунуч-туу аныкталган ылањдарын жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө тийиштүүтүзүмдөргө өз убагында кабар бербөөнүн натыйжасынан улам болгон. Күйдүргүгө (сибирь жарасына) каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар тий-иштүү дењгээлде жүргүзүлбөй жатат. 2007-жылдын августунда Чүй облусунунСокулук районунда, Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн райондорунда калк ара-сында күйдүргүнүн пайда болушунун үч учуру катталып, анын ичинен биручуру өлүмгө алып келген. Бул фактылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Республика-лык өзгөчө эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын заседа-ниесинде каралган. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын 2007-жылдын 13-ав-густундагы токтому менен республикадагы эпизоотиялык кырдаалдын оорчу-лугун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан жењилдетүүбоюнча тиешелүү иш-чараларды аткаруу каралган. Айыл чарба малынын арасында шарп ылањынын клиникалык белгилеринкаттоо учурлары болгон. Жылкы тумоосунун пайда болушуна шектенүүлөрбар. Жаныбарлардын кутурмасы, койлордун бруцеллезу жана чечеги боюнчаэпизоотиялык абал татаалдашкан. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин буйру-гу менен Кыргыз Республикасынын аймагына малдын жугуштуу ылањдарынынжайылышын четтетүү боюнча чараларды ишке ашыруу функцияларын бузуу ме-нен жана Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан союла турганжылкылардын экспортуна жана транзитине карантиндик жана санитардык та-лаптар жөнүндө макулдашуунун негизинде 2007-жылдын 11-августунда КытайЭл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасы-нын базарларында сатуу үчүн 159 жылкы алып келүүгө уруксат берилген.Кытай Эл Республикасынын Келип-кетүү жана карантин инспекциясы тарабы-нан берилген ветеринардык сертификат кытай жана англис тилдеринде тол-турулган. Мамлекеттик жана расмий тилдерге лингвистикалык котормо бол-гон эмес. Кыргыз Республикасында эпизоотиялык ылањ катары аныкталганоорулардын пайда болуу предметине кытай тараптын малын текшерүүлөрдөандай болбогондугу аныкталган. Республикалык ветеринардык диагностика борборунун корутундусунаылайык кандын 41 сынамыгынан 4ү бруцеллезго оњ натыйжа берген. 12 баш жылкыны ташып келүү жана карантиндөө мезгилинде алар тийиш-түү текшерүүсүз көмүлгөн. Мындан тышкары Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан сою-луучу жылкыларды экспорттоодо жана транзиттөөдө карантиндин жана сани-тардык талаптар жөнүндө республиканын мамлекеттик башкы ветеринардыкинспекторунун атынан кол коюлган макулдашуу "Эл аралык келишимдер жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынынэл аралык ведомстволор аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун жанатоктотуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы № 474 токтомунун талаптары-на ылайык келбейт. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол ко-юуга мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторго ыйгарым укук берүү жө-нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими болгон эмес. Эпизоотиялык ылањдардын келип чыгышынын жана жайылышынын себепте-ринин бири жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен Кыргыз Республикасынынжайыттарында коњшулаш мамлекеттердин тургундарына таандык малды жаюу,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу мал ай-дап өтүүгө тийиштүү контролдуктун жоктугу саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн кырдаалдын келип чыгышынын кесепети КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-гинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын уюштуруу иштеринин жетишсиздигинен болгон. Малдын ылањын жана өзгөчө коркунучтуу ооруларынын жайылышын азай-туу, эпизоотиялык кырдаалды турукташтыруу жана республиканын аймагындатийиштүү ветеринардык контролду орнотуу максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин эпизоотиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча иштери-нин жетишсиз экендиги белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр-дү киргизсин: 2007-жылдын 25-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына мамлекеттик жана менчик (приваттык) ветеринардык кызмат-тардын иштерин өркүндөтүү жана чектөө, алдын алуучу ветеринардык иштер-ди өз учурунда жүргүзбөөгө жол беришкен айыл чарба малдарынын ээлерининжоопкерчиликтерин жогорулатуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-ду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин түзүм-дөрүн реформалоо боюнча сунуштарды; өзгөчө коркунучтуу ылањдар менен ооруган, жок кылынууга тийиш бол-гон айыл чарба малынын наркын анын ээлерине ордун толтуруп берүү боюнчакомпенсациялык фондду түзүү жана аны иштетүү мүмкүнчүлүгүн кароо мененэпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө бөлүнгөн бюджеттик ассигнова-ниелерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды; - эпизоотиялык абалды контролдоону начарлатуу үчүн күнөөлүү адам-дарга чараларды көрсүн; - сатып алынуучу ветеринардык вакциналардын сапатын аныктоо үчүнветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификациялоо боюнча жањы-дан түзүлгөн лабораториялардын иштерин активдештирүү жагынан зарыл ча-раларды көрсүн; - ар бир райондо ветеринардык дарыканаларды түзүү жөнүндө маселенииштеп чыксын; - лабораториялык-диагностикалык борборлорду жабдуу жана модерниза-циялоо боюнча сунуштарды киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007 жана 2008-жыл-дарда эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө эсептөөлөргө ылайык жа-на алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн календардык планында каралган мөөнөт-төрдө эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө каралган финансы кара-жаттарын өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мененбирдикте 2008-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттүн ичинде Чегаралык-ве-теринардык карантиндик кызматтын башкы башкармалыгын Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынаөткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун карашсын жана аталган түзүмдүк бө-лүмдүн ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны иштеп чыгыш-сын. 5. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы чектеш мамлекеттер мененКыргыз Республикасынын жайыттарын пайдалануу жөнүндө тиешелүү макулда-шуу түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркы-луу Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттеринин жарандары тара-бынан малдын айдалып өтүшүнө тыюу салсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев