Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 29-октябры N 521
Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына, транспорт каражаттарынын бузулушуна алып келген кылмыш жасаган жерден айдоочулар качып кеткен жол-транспорт кырсыктарын оперативдүү ачуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларынын жана жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоо боюнча жеке ишкердик жүргүзгөн адамдардын иштерин тартипке келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн ңормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Атамбаев |