Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-октябры № 522 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик университетин Кыргыз экономикалык университетине өзгөртүп кайра атоо жөнүндө Жогорку кесиптик билим берүүнү башкаруу системасын андан ары өр-күндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жа-на илим министрлигинин Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик уни-верситетин өзгөртүп кайра атоо жөнүндө сунушун эске алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик университети Кыргызэкономикалык университетине өзгөртүп кайра аталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн; - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Атамбаев