Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-ноябры № 532 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №465 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөнмурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, шайлоо комиссиялары-на көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтү-нөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалыкмаселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тирке-меге ылайык курамда Республикалык штаб түзүлсүн. 2. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчыларыжана шаарлардын мэрлери: - уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоокомиссияларына көмөк көрсөтүү үчүн облустук, райондук жана шаардыкштабдарды түзүшсүн; - шайлоо комиссияларын тийиштүү жайлар, байланыш каражаты, транс-порт, электр энергиясы менен камсыз кылышсын; - шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана ре-ферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планы-на ылайык шайлоочулардын такталган тизмелерин өз убагында беришсин; - жарандардын сын пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоокомиссияларынан түшкөн сунуштарды өз убагында кароону уюштурушсун. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоокомиссияларына шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерине ар та-раптан жардам көрсөтүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, КыргызРеспубликасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компания-сына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркинтоо" газеталарынынредакцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынмөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн ча-гылдыруу сунуш кылынсын. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоону даярдоо-нун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жа-на эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоону өткөрүүубагында шайлоо участокторун кайтаруу жана шайлоо участокторуна шайлообюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чара-ларды көрсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кийин "Кыргыз Рес-публикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизүүменен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөнмурда шайлоону өткөрүүгө зарыл финансы каражаттарын республикалык бюд-жеттен Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүүнү камсыздасын. 7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети мененбирдикте: - республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн; - республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-лоочуларынын такталган тизмесин Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жанареферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин; - республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-лоочуларына шайлоого катышуу үчүн зарыл шарттарды түзсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлооучастокторуна бөлүнгөн бардык жайларды өрт коопсуздугуна карата текше-рүү жүргүзсүн. 9. Шайлоо өткөн күнгө карата төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна - телерадио берүүнүнүзгүлтүксүз ишин камсыздоо; - "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна - электр энергиясын үзгүлтүксүз бе-рүүнү камсыздоо. 10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоонууюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы №932 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрын-дагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткө-рүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 токтому. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучуга жүк-төлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын КУРАМЫ Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мил- детин аткаруучу, штабдын төрагасы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, штабдын төрагасынын орун басары; Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек- чисинин - министрдин милдетин аткаруучу, штаб- дын төрагасынын орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо ми- нистринин милдетин аткаруучу; Жолдошев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- рациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистринин милдетин аткаруучу; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин мил- детин аткаруучу; Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу; Ногойбаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу; Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу; Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор- ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрага- сынын милдетин аткаруучу; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министринин милдетин аткаруучу; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко- опсуздук комитетинин төрагасынын милдетин атка- руучу; Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жа- на отун ресурстары министринин милдетин аткару- учу; Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы; Султанбеков А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору, штабдын катчы- сы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучу М.Исмаилов