Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-ноябры № 538 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-ринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканалардытүзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамматре-зервдер фонду) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин масе-лелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февра-лындагы № 129 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнчамамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: - 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; - Жобонун бүткүл тексти боюнча: ар кандай жөндөмөлөрдөгү "ведомстволук структуралык подразделение-лер жана аймактык органдар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "ведомс-тволук жана аймактык подразделениелер менен уюмдар" деген сөздөргө ал-маштырылсын; ар кандай жөндөмөлөрдөгү "штаттык расписание" деген сөздөр тийиш-түү жөндөмөлөрдө "штаттык сан" деген сөздөргө алмаштырылсын; - 7-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалу-улуктарын башкаруу боюнча мамлекеттик саясат жүргүзүү."; - 14-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- Мамлекеттик агенттиктин жана анын аймактык подразделениелериниништерин жетектейт, ал эми Мамлекеттик агенттиктин карамагында иштөөчүведомстволук уюмдар менен мамлекеттик ишканаларга карата жалпы жетекчи-ликти жүргүзөт;"; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- иштин ички тартибин белгилейт; Мамлекеттик агенттиктин борбор-дук аппаратынын жана анын аймактык подразделениелеринин кызматкерлеринКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана бошо-тот, ошондой эле аларга статс-катчы менен макулдашуу боюнча сыйлоо жанатартип жазасын берүү чараларын колдонот;"; алтынчы абзацта "ведомстволук структуралык подразделениелер" дегенсөздөр "анын ведомстволук жана аймактык подразделениелери менен уюмда-ры" деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорун кызматкадайындоого жана кызматтан бошотууга Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистрине сунуш киргизет; Мамлекеттик агенттиктин карамагында иштөөчүмамлекеттик ишкананын директорун кызматка дайындоого жана кызматтан бо-шотууга белгиленген тартипте талапкерлерди көрсөтөт; алар менен эмгеккелишимин түзөт;"; - 18-пунктта "органдар" деген сөз "подразделениелер" деген сөзгөалмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик бир ай-лык мөөнөттө: - ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн; - анын карамагында иштөөчү мамлекеттик ишкананын Уставын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин; - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; Мамматрезервдер фондунун функцияларын кайталоочу функцияларды анынЖобосунан алып салууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдолбоорун белгиленген тартипте киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев