Загрузка документа…
КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1997-жылдын 1-декабры N 87
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья.
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып:
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурга карата арбитраждык сотторго түшүп, карала элек иштер ушул статьяда аталган мыйзам тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине ылайык карала тургандыгы;
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурга карата областтардын жана Бишкек шаарынын арбитраждык сотторунун чечимдерине, токтомдоруна жана аныктамаларына карата чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун Президиумунда көзөмөл иретинде кайра кароо жөнүндө берилген жана карала элек кассациялык даттануулар, арыздар Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун көзөмөл инстанциясынын сот курамдары тарабынан карала тургандыгы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун чечим, токтомдоруна жана аныктамаларына карата чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун Президиумунда көзөмөл тартибинде кайра кароо жөнүндө берилген жана "Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурга карата каралбаган апелляциялык, кассациялык даттануулар, арыздар каралбастан кайтарылып бериле тургандыгы;
тараптар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин жаңыдан айкын болгон жагдайлар боюнча арыз менен кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту тарабынан кассациялык инстанцияда, ошондой эле көзөмөл тартибинде кайра каралган бардык иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун көзөмөл инстанциясынын сот курамдары тарабынан карала тургандыгы;
"Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке ээлик кылуучулардын катышуусуна байланыштуу экономикалык талаштар боюнча жалпы юрисдикциядагы соттор козгогон бардык иштер ал соттор тарабынан маңызы боюнча чечим кабыл алуу менен толук көлөмдө карала тургандыгы, анын ичинде ал соттордун жогору турган инстанциялары тарабынан мурда колдонулган мыйзамдарда каралган тартипте карала тургандыгы белгиленсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1997-жылдын 5-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |