Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-ноябры № 539
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзө-
гө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" 2007-жылдын 16-мартындагы №
96 Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана
соода министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна ылайык, ошондой эле жањы-
дан түзүлгөн министрликтерде кайталануучу функцияларды четтетүү макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдун редакциясына
ылайык кγчγн жоготту)
2. "Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасын-
да киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004- жылдын 4-мартындагы № 330 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
- 5 жана 8-пункттардагы ", өнөр жай" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик-техникалык
кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жободо:
4-пункттагы "өнөр жай" деген сөз алып салынсын.
3. "Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдо-
нууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы
Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-августундагы
№ 613 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм
министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-
рүү жана соода министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурс-
тары министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
энергетика жана отун ресурстары министрлиги жөнүндө жободо:
6.2-пункттун бешинчи, жетинчи жана он бешинчи абзацтары жана
6.3-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-мартындагы №
109-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм
министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-
рүү жана соода министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев