КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-жылдын 9-ноябры №541 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республи-касынын Салык кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу бо-юнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Салык алынуучу ташып жеткирүүлөрбоюнча кошумчаланган наркка салыкты чегерүү жана төлөө тартиби жөнүндөнускаманын 55-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толук-талсын: "КНС боюнча каттоону жокко чыгарууну айыл чарба өндүрүүчүлөрү жү-зөгө ашырууда чийки заттын, даяр продукциянын жана негизги каражаттынкалдыктарын эсепке киргизүү жөнүндө талаптары аларды КНСти эсепте алууменен алуудан тышкаркы учурларда айыл чарба ишмердиги үчүн өндүрүлгөнжана (же) сатылып алынган айыл чарба чийки затынын, продукцияларынынжана негизги каражаттарынын калдыктарына таркатылбайт.". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев