Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 13-ноябры № 546
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн турак үй куруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларынын социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, "Түштүк магистраль көчөсүндө жайгашкан № 29 "Жал" кичи районундагы көп кабаттуу турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн жер участогун убактылуу ижаралык пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына берүү жөнүндө" Бишкек шаарынын мэриясынын 2007 жылдын 12-январындагы № 12 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда аскер кызматчылар үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин атайын каражаттарынын эсебинен 72 квартиралуу турак үй (мындан ары турак үй) куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерин мамлекеттик комитеттерин жана администрациялык ведомстволорун кийин аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квартира бөлүп берүү менен турак үйдүн курулушуна үлүштүк катышуу үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- жогоруда аталган турак үйдү долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп чыгууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик турак үйдү курууга көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жогоруда аталган каражаттарды максаттуу багытына ылайык пайдаланышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Атамбаев |