Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-сентябрындагы № 399
Жарлыгы менен бекитилген Европалык Союздун - БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасында "Чегараларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) жана "Бањгизаттарды четтетүү" (САDАР) программаларын турмушка ашыруу боюнча Координациялык комитет жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Европалык Союздун - БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Рес-публикасында "Чегараларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) жана "Бањги-заттарды четтетүү" (САDАР) программаларын турмушка" ашыруу боюнча Коор-динациялык комитет (мындан ары - Комитет) кењешүүчү орган болуп сана-лат, ал негизги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-рациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарынын жана жарандык сектордун иш-аракеттерин ко-ординациялоону камсыз кылат. 2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыр-гыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчетберет. 3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешинин катчысы Комитеттинтөрагасы (Европалык Союздун - БУУнун Өнүктүрүү программалары - "Чегара-ларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) жана "Бањгизаттарды четтетүү"(САDАР) программаларынын улуттук координатору) болуп саналат. Комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешининкатчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаганадамдар кызмат орду боюнча кирет. Комитеттин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу ме-нен бекитилет. 4. Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары,эларалык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүл-дөрү менен тыгыз кызматташат. 5. Комитет өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлик ор-гандарынын жетекчилерин тартууга укуктуу. Комитеттин жыйналышына белгиленген тартипте мамлекеттик органдар-дын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, эларалык уюмдар-дын жана донор өлкөлөрдүн, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин башкаөкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. 6. Комитеттин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясы жана мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой элеушул Жобо түзөт. II. Комитеттин максаттары жана милдеттери 7. Комитеттин негизги максаты болуп мамлекеттик чегараны ыњгайлаш-тырууда, чегара аймактарындагы инфраструктураны өнүктүрүүдө, КыргызРеспубликасынын мыйзам базасын өркүндөтүүдө жана аны чегараларды башка-руу жана бањгизаттарды четтетүү, мамлекеттик структураларды техникалыкжактан жабдуу жана өзара макулдашуу боюнча башка маселелерди БорбордукАзия мамлекеттери менен шайкеш келтирүүдө Кыргыз Республикасынын талам-даш структураларынын ишин координациялоо саналат. 8. Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - программаларды турмушка ашыруу чөйрөсүндө артыкчылыктуу багыт-тарды аныктоо; - программаларды мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдарынын турмушка ашыруу процессин жалпы координациялоонужана башкарууну камсыз кылуу; - бардык таламдаш структуралар менен консультация жүргүзүү аркылуукызматташтыктын жањы жолдорун түзүү; - программалардын чектеринде иш-чараларды жүзөгө ашырууга комп-лекстүү жана ырааттуу мамилени камсыз кылуу; - программаларды турмушка ашыруу максаттарына жетишүүгө багыттал-ган зарыл чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу; - программалардын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынчегараларды башкаруу жана бањгизаттарды четтетүү боюнча Борбордук Азия-нын мамлекеттеринин мыйзамдары менен шайкеш келтирүү үчүн шарттарды тү-зүү; - программаларды турмушка ашыруу максаттарына жетишүүгө багыттал-ган зарыл чаралар жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо. III. Комитеттин укуктары 9. Комитет өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укук-туу: - Комитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтыминистрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомст-волордон жана мамлекеттик комиссиялардан белгиленген тартипте суратуугажана алууга, программаларды турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын атка-рылышынын жүрүшү жөнүндө алардын жетекчилерин угууга; - зарылчылыкка жараша жумушчу топторду, эксперттик комиссиялардытүзүүгө, бул максатта министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ад-министрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын адисте-рин, эларалык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардынөкүлдөрүн тартууга; - программаларды турмушка ашыруу жолдорун натыйжалуу издөө жанаанын тиешелүү багыттары боюнча милдеттерди чечүү боюнча сунуштарды иш-теп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттиккомитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жетекчилерине кирги-зүүгө; - тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен мыйзамдык базаны өркүндө-түүгө багытталган жумушчу топтордун сунуштарын талкуулоого; - программаларды турмушка ашыруу маселелери боюнча сунуштарды Кыр-гыз Республикасынын Президентине жана Өкмөтүнө киргизүүгө; - жасалган иш жөнүндө ар жылдагы отчетту даярдоого; - Комитеттин алдында турган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгонбашка аракеттерди аткарууга. IV. Комитеттин ишин уюштуруу 10. Комитеттин ишине төрага жетекчилик кылат. Комитеттин төрагасы: - Комитеттин жыйналыштарын алып барат; - Комитеттин жыйналышынын күн тартибин аныктайт; - программаларды турмушка ашыруу маселелери боюнча Борбордук Азия-нын башка мамлекеттеринин тиешелүү органдары жана эларалык уюмдар мененмамилелерде Комитеттин атынан иш алып барат; - Комитеттин ишине жетекчилик кылуу боюнча башка функцияларды ат-карат. Комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү өз ишин коомдук негиздердежүзөгө ашырат. 11. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешининкатчысы бекиткен иш пландарына ылайык уюштурат. 12. Комитеттин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталынакеминде бир жолу өткөрүлөт. Комитеттин чечимдери жыйналышка катышкан-дардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 13. Комитеттин жыйналыштары протоколдук чечимдер менен толтурулат,аларга анын төрагасы кол коет. Бул чечимдердин негизинде Комитет доку-менттердин тиешелүү долбоорлорун даярдашы жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишимүмкүн. Протоколдор таанышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине,Премьер-министрине, ошондой эле башка таламдаш тараптарга берилет. 14. Комитет программаларды турмушка ашыруунун жүрүшү жөнүндө тие-шелүү отчетту жылына бир жолу берет. 15. Комитеттин аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Кооп-суздук Кењешинин аппараты саналат. V. Корутунду жоболор 16. Комитетти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.