Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-ноябры № 554 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Нариман айылдык кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылай-ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-суу районундагы Нариман айылдык кењешинин аймагындагы Айыл чарба жерле-рин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,0 га сугат айдоосун "Айыл чарба багы-тындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуужана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жер участогун берүүнү тооруктарды өткөрүү жолу менен Кыргыз Рес-публикасынын Жер кодексинин 29-статьясына ылайык жүргүзсүн: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди жеке жана юридикалыкжактарга берүүдө "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктарүчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ор-дун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66
токтомуменен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуу-ларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү; жер ижара шартында берилген учурда тооруктардын жењүүчүсү тарабы-нан Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Нариманайыл өкмөтү менен бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге ижара ке-лишимин түзүүнү; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев