Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ 1. Кыргыз Республикасында буудай данын жана үрөнүн өндүрүүнүн азыркы учурдагы абалы Республикабызда мурда түзүлгөн үрөнчүлүк системасы иш жүзүндө ыды-рап жок болгон. Соњку жылдарда Кыргызстанда буудай айдоо аянттары жанаанын түшүмдүүлүгү барган сайын кыскарууда, анын кесепетинен азык-түлүкбуудай данынын дүњ жыйымы азаюуда. 2001-жылы эле буудай себүү аянттары478,5 мињ гектарды түзсө, 2007-жылы алар 360,3 гектарга чейин азайганже 118,2 мињ гектарга (25%ке) кыскарган. Буудайдын түшүмдүүлүгү2006-жылы бар болгону гектарына 20,7 центнерди түзгөн, ал эми 2002-жылыбул гектарына 24,9 ц болгон. Ушул мезгилдин ичинде буудайдын дүњ жыйымыдээрлик 400 мињ тоннага азайган. Республиканын калкынын азык-түлүк буу-дай данына керектөөсү 70- 75%ке камсыздалат. Буудай данын өндүрүүдөгү түзүлгөн абал бир катар объективдүү жанасубъективдүү себептерден улам келип чыкты. Буудай өндүрүүнүн төмөндөшү-нүн кыйла олуттуу фактору дыйкандар жана фермерлер сапаты төмөн үрөнматериалын пайдаланышы болуп саналат, ушундан улам дээрлик өстүрүлгөнтүшүмдүн жарымы коромжулукка учурайт. Азыркы убакта республиканын чарбакер субъекттери айдап себүүлөргөмамлекеттик үрөнчүлүк инспекцияларында текшерилген буудай үрөнүнүн 85процентин гана колдонушат, калган 15 проценти - бул төмөнкү себүү кон-дициясындагы кадимки товардык эгин болуп эсептелет. Республикада буудайүрөнүн өндүрүү менен 145 үрөнчүлүк чарбасы иштейт, алардын ичинен 9чарба баштапкы үрөнчүлүккө, 30у - элита үрөнүн өндүрүүгө жана 106сы би-ринчи жана экинчи репродукциядагы үрөн өндүрүүгө адистештирилген. Ошонуменен бирге мындай адистешүү иш жүзүндө бардык эле жерлерде сакталбайт.Күздүк жана жаздык себүүнү жүргүзүү үчүн буудай үрөнүнө республиканынар жылдык жалпы керектөөсү 96,8 мињ тонна болсо, республиканын үрөнчү-лүк чарбалары 35 мињ тонна же 36 процент гана үрөн өндүрөт, алардын ба-сымдуу көпчүлүгү үчүнчү жана массалык репродукциядагы үрөн болуп сана-лат. Ошондуктан, айылдык товар өндүрүүчүлөр өздөрүнүн төмөнкү сапаттагысебүү материалдарын колдонууну артык көрүшөт, алар үрөнчүлүк чарбаларсунуш кылган массалык репродукциядагы үрөндөн да алда канча начар. Үрөнчүлүк чарбалары буудай үрөнүн өндүрүүнү тийиштүү сатып өткөрүүрыногунун жоктугунан жана өндүрүлгөн үрөндүн өздүк наркы жогору экенди-гинен улам кечењдетишүүдө. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен иш жүргүзгөн үрөн-чүлүк чарбаларын мамлекеттик колдоонун толук системасы да жок. 2. Мамлекеттик программанын максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо; - үрөн индустриясын кайра жаратуу, чарбакер субъекттерди жогоркусапаттуу буудай үрөнү менен камсыз кылуу; - буудай үрөнүнүн көлөмүнүн жана анын сапаттык көрсөткүчтөрүнүнөсүшүн стимулдоо; - буудай өндүрүү негизги айыл чарба өсүмдүгү болуп саналган реги-ондордо жакырчылык дењгээлин азайтуу. 3. Кыргыз Республикасында буудай үрөнчүлүгүн өндүрүүгө кедерги болгон проблемалар жана себептер 1. Буудай үрөнүнүн төмөнкү сапатта болушу баарыдан мурда үрөнчүлүкчарбалары көпчүлүк учурларда сортту жањылоонун жана сортту алмаштыруу-нун биологиялык жактан зарыл процесстерин жүргүзбөгөндүгү болуп сана-лат, ушундан улам жогорку репродуктивдүү үрөнгө жетишилбей жатат. 2. Негизги өндүрүш каражаттарына жана энергия булактарына баанынжогору экендиги, ушундан улам үрөнчүлүк чарбалары оор финансылык абалдакалышып, керектүү суперэлита жана элита үрөнүн өндүрө албай жатышат.Натыйжада үрөнчүлүк чарбалары өндүргөн биринчи жана экинчи репродукция-дагы гана эмес, ошондой эле үчүнчү, ошондой эле массалык репродукцияда-гы үрөндүн өздүк наркы соњку жылдарда эки эсеге көбөйүп кеткен. 3. 1990-жылдардын биринчи жарымында түзүлгөн "ЕС-Кыргызстан" өнөк-төштүк фонду товардык кредит берүүнүн жардамы менен үч жылдын аралыгын-да республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларын суперэлита, элита жана би-ринчи репродукциядагы буудайдын үрөнүнүн пландуу сортун жањылоону кам-сыз кылган, бул 2000-жылга карата республикадагы буудай өндүрүүнү жети-шээрлик жогорку дењгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берген, бирок 1990-жыл-дардын акырында бул фонддун жоюлгандыгына байланыштуу процесс токтопкалган. 4. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынан жергиликтүү өз алдынча жа-на аткаруу бийлик органдары мурда аларга таандык болгон жерлерди систе-масыз алып коюшу буудай үрөнүн себүү аянттарынын кескин кыскарышынаалып келди. Азыркы убакта суперэлита, элита жана биринчи репродукцияда-гы үрөн 5,9 мињ гектарга өстүрүлөт, ал эми пландуу сортту жањылоо жанасортту алмаштырууну сактоо үчүн зарыл болгон керектөө 12,0 мињ гектардытүзөт. 5. Мамлекеттик үрөнчүлүк чарбалары өтө оор абалда калышты, алармамлекеттен колдоо алышпайт, кыйла кредиттик карыздары бар жана банк-роттук чегинде турушат. Айрыкча республиканын бардык райондорунда су-гат, ошондой эле кайрак жерлерде өстүрүү үчүн жарактуу "Адыр", "Жамин","Тилек", "Асыл", "Кайрак" сыяктуу ата мекендик буудайдын эн мыкты сорт-торунун баштапкы питомниктеринин үрөн берүүчүсү жана оригинатору болупсаналган Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз илимий-изилдөө дый-канчылык институтунун Эксперименталдык чарбасы оор абалда калды. 6. Азыркы убакта республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын басымдуукөпчүлүгү эскирип бүтүп, кыртыш иштетүүчү, сугаруучу, жыйноочу жана ай-рыкча үрөн тазалоочу техникалары жараксыз абалга келди, бул үрөн өстү-рүү, буудай үрөнүн жыйноо, тазалоо жана ууландыруу технологиясын сак-тоодо чечүүчү мааниге ээ, жогорку себептерден улам алардын түшүмдүүлүкжана чарбалык-пайдалуу сапаты акырындап жоголууда. 7. Үрөнчүлүк чарбалары өндүргөн буудай үрөнү дээрлик бардык жер-лерде тиешелүү идиштерге тањгакталбайт, маркировкасы жок жана товардыккөрүнүшү болбогондуктан республиканын дыйкандары менен фермерлериндекењири суроо-талап менен пайдаланылбайт. 8. Мамлекеттик сорт сыноодон ийгиликтүү өткөн жана Кыргыз Респуб-ликасынын аймагында колдонууга уруксат берилген сорттордун Мамлекеттикреестринде киргизилген буудайдын сапаты боюнча бир катар жогорку түшүм-дүү жана баалуу сортторун республиканын мамлекеттик сортту сыноочустанцияларында жана мамлекеттик сорт участокторунда жөнөкөйлөтүлгөнсхема боюнча питомниктерде көбөйтүүгө сактоого коюу жүргүзүлсө, тезде-тилген ыкмада өндүрүүгө мүмкүн болоор эле. 9. Жаратылыштын табигый кырсыктарынан жабыркаган айылдык товар өн-дүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жаратылыштык-климаттык шарттары оор жана ыњ-гайсыз региондордун өзгөчө муктаждыгын камсыз кылуу үчүн буудай үрөнүнреспубликалык мамлекеттик үрөн фондуна сактоого коюуда республикада өтөоор абал түзүлдү. Эгерде 2000-жылы үрөндүн басымдуу бөлүгү бул жаккаүрөнчүлүк чарбаларынан түзсө, азыркы убакта бул фонддо катардагы элеүрөнчүлүк эмес чарбалар, ошондой эле айрым дыйкандар менен фермерлеркарыздарын жоюу эсебине тапшырган зарыл түшүмдүүлүк түзүлүштөргө ээболбогон жана 50 мињ га чейинки буудай аянтына өндүрүштүк себүүлөргөжыл сайын колдонулган үрөндөр себилүүдө, бул буудайдын үрөнүнө жанаанын дүњ жыйымына байкалаарлык терс таасир тийгизүүдө. 10. Күздүк буудайдын үрөндүк запасын түзүүдөгү канааттандырбаганабал Ысыккөл облусунда да орун алган, мында күздүк буудайдын түшүмүнжыйноо жана аны күздүк себүүнү жүргүзүү мөөнөтү иш жүзүндө дал келбейт.Күздүк себүү үчүн үрөн адатта ошол жылдын түшүмүнүн үрөнүнөн октябрдынбашталышына карата даярдалат, ал кезде күздүк буудай себүүнүн оптимал-дык мөөнөтү өтүп кеткен болот жана облуста зарыл болгон 50 мињ гектар-дын ордуна болгону 10-15 мињ га себүүгө арањ жетишет. Ысыккөл зонасындаазыркы убактарда күздүк буудай жаздык буудайга караганда 30 проценткетүшүмдүү болуп жаткандыгын эске алсак, облус жыл сайын ондогон мињ тон-на азык-түлүк буудай данын кем алууда. 4. Кыргыз Республикасында буудай үрөнчүлүгүндөгү проблемаларды чечүү жолдору 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына үрөнчүлүк чарбаларына, асылтукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименталдык чарбаларга, мамлекеттиксорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт участокторуна Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин берүү боюнча контролдук ый-гарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иште-түү өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүнү, жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары бөлүп берген айдоо аянттарды алып коюу укугусуз 20 жыл-га чейинки мөөнөткө ошол чарбакер субъекттерге бекитип берүүнү караганөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу республиканын үрөнчү-лүк чарбаларынын иштери үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү маселесин мыйзамтартибинде чечүү. 2. Республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларында кеминде 12 мињ гажалпы аянтка буудайдын суперэлита жана элита үрөнүн өндүрүүнү камсызкылуу. 3. Республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларында буудайдын өндүрүл-гөн үрөндүк материалын тањгактоону жана маркировкалоону уюштуруу. 4. Биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларынын үрөнү менен товардыккредит берүү үчүн 315 тонна көлөмүндө буудайдын суперэлита үрөнүн өндү-рүүгө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги белгилеген мамлекеттик заказды аткаруу үчүн баштапкыүрөн өстүрүүнү жүргүзүү укугу берилген республиканын үрөнчүлүк чарбала-рын ар жылдык авансылоо практикасын киргизүү. 5. Экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларынын үрөндөрү менен товардыккредит берүү үчүн биринчи топтогу республиканын үрөнчүлүк чарбаларынанбуудайдын 890 тонна элита үрөнүн жыл сайын түз сатып алууну жүргүзүү. 6. Жаратылыштык табигый кырсыктардан жабыркаган республиканынайылдык товар өндүрүүчүлөрүнө, ошондой эле жаратылыштык-климаттык шарт-тары ыњгайсыз алыскы райондор жана региондор үчүн 4 мињ тонна көлөмүндөбуудайдын биринчи жана экинчи репродукцияларындагы үрөн өндүрүү жанасатуу укугу берилген үрөнчүлүк чарбаларына буудайдын үрөнүнүн элитасортторун сатып алууга республикалык бюджеттен 60 млн. сом бөлүүнү ка-роо. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө үрөндүн ушул көлөмүн процентсиз то-вардык кредит түрүндө аны акчалай же мамлекеттик материалдык резервгесактоого коюлуучу азык-түлүк буудай даны менен төлөө шартында берүү. 7. Ысыккөл облусунун бардык үрөнчүлүк чарбаларында облустун чарба-кер субъекттеринде оптималдуу агротехникалык мөөнөттө күздүк себүү жүр-гүзүү жана мындан азык-түлүк буудай данынын кошумча көлөмүн алуу үчүнкүздүк буудайдын 100 проценттик өткөөл запасын түзүү. 8. Республикага түшкөн гранттык каражаттын кеминде 20 процентинкыртыш иштетүүчү, себүүчү, дан жыйноочу, үрөндү ууландыруучу жана таза-лоочу техникалары финансылык-экономикалык оор абалда турган республика-нын үрөнчүлүк чарбаларына акысыз бөлүү. 9. Республиканын мамлекеттик сорт сыноочу станцияларында жана мам-лекеттик сорт участокторунда кыйла тартыш жана келечектүү, анын ичиндечет өлкөлүк селекциянын күздүк жана жаздык буудай сортторун уюштуруу. 10. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги тарабынан жыл сайын ага бөлүнүүчү бюджеттик ассигнова-ниелердин чектеринде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ата-мекендик се-лекциянын күздүк жана жаздык буудай сортторун тажрыйбалык себүүлөргөкоюу жана көбөйтүү питомниктеринде жогорку сапаттуу үрөн өстүрүү үчүнЧүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз илимий-изилдөө дыйканчылык ин-ститутунун эксперименталдык чарбасына 0,5 млн. сом бюджеттик каражатбөлүүнү кароо. 11. Буудайдын сорттуу үрөнүн өндүрүүнү 2010-жылга карата 50 мињтоннага чейин жеткирүү. 12. Республикада үрөн индустриясын калыбына келтирүү үчүн эл ара-лык донордук уюмдардын жана финансы институттарынын каражаттарын, четөлкөлүк инвестицияларды тартуу, алардын мүмкүнчүлүгүн республиканынүрөнчүлүк чарбаларында сортту жањылоодо жана аны менен жабдууда зарылтехника жана лабораториялык жабдуу менен кењири пайдалануу. 5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар: - зарыл сандагы элита үрөнүн өндүрүүнү камсыздоочу көлөмдөрдө ори-гиналдуу үрөн өндүрүүнү камсыздоо; - сортту алмаштырууну жана сортту жањылоону жүргүзүү үчүн зарылкөлөмдө элита үрөнүнө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн керектөөсүн камсыз-доо; - өсүмдүктөрдүн генофондун сактоо максатында республиканын аттес-тацияланган үрөнчүлүк чарбаларынын финансылык абалын жакшыртуу; - айылдык товардык өндүрүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн сорт-туу үрөн сатып алуу; - кыйла продуктивдүү сортторду ишке киргизүүнүн натыйжасында буу-дайдын түшүмдүүлүгүн, сапатын жана дүњ жыйымын жогорулатуу.