КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры № 566 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынукуктары жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрибул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө Бул Мыйзам денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарга карата мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасынын башка бар-дык жарандары менен бирдей алардын жашоосундагы чек коюуларды жок кылууэркиндигин жана укуктарын ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуумаксатында жагымдуу шарттарды түзүү, денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчү-лүктөрү чектелген адамдардын толук кандуу өмүр сүрүүсүнө мүмкүндүк бер-ген, коомдун экономикалык, саясый жана маданий турмушуна жигердүү каты-шууга, ошондой эле БУУнун Генералдык ассамблеясы тараптан кабыл алынганДенсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарыжөнүндөгү декларацияда, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, элара-лык укуктун жалпы кабыл алынган принциптеринде жана нормаларында, мый-зам тартибинде күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болупэсептелген эларалык келишимдерде каралган жарандык милдеттерди аткаруу-ну аныктайт. Бул Мыйзам денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарга берилген жардамдын жана коргоонун гарантияларын, ошондой элекалктын денсоолугун коргоого, майыптыктын алдын алууга жана денсоолугу-на байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коомго интеграциялооүчүн шарттарды түзүү чараларын белгилейт. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар чүнчүү (дискриминация) - ар кандай айырмалоо, эске албоо же артык-чылык берүү укуктарын бирдей ишке ашырууну четке кагуу же кичирейтүүменен денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынукуктарын башка адамдарга салыштырмалуу басмырлоо; инфраструктурага жетүү - инфраструктуранын объектилеринде атайынаспаптарды (пандустарды, кармагычтарды) орнотуу жана денсоолугуна бай-ланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын аларды тоскоолдугу жокпайдаланышы үчүн шарттарды түзүү; майыптык - адамдын жумушка жарамдуулугун толук же жарым-жартылайжоготуусуна алып келүүчү же организмдин функцияларынын мурдагы абалынакелбей абдан бузулушу менен адамдын денсоолугунун начарлашы. Организм-дин функцияларынын абдан бузулушуна байланыштуу жашоо ишмердүүлүгүнүнөзгөрүү даражасына карата I, II, III топтогу майыптык, ал эми 18 жашкачыга электерге "майып-бала" категориясы белгиленет; реабилитациянын жекече программасы - иштин белгилүү бир түрүн ат-карууга карата денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дардын жөндөмдүүлүктөрүн, организмдин жоготулган же жабыркаган функция-ларын компенсациялоого, калыбына келтирүүгө багытталган социалдык жар-дамдын түрлөрүн жана реабилитациялык ишчараларды жүзөгө ашыруунун тар-тибин, айрым түрлөрүн, формасын, көлөмүн, мөөнөтүн камтыган, реабилита-циялоочу оптималдуу ишчаралардын комплекси; инфраструктура - турак-жай жана өндүрүштүк имараттардын, курулма-лардын жана жайлардын, эс алуучу жайлардын жана маданий-оюнзоок мекеме-леринин комплекси; квоталоо - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдардын денсоолугуна байланыштуу чектүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алыпжана буларды социалдык жактан колдоо максатында ал адамдардын коомдукишкердиктин айрым чөйрөлөрүнө сөзсүз катышуу нормаларын белгилөө; денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам - дарткачалдыгуу, тиричилик аракеттеринин чектелишине алып келүүчү травманын жедефекттердин кесепеттери менен шартталган жана натыйжада социалдык жак-тан зарыл түрдө корголууга муктаж болгон организминин функциялары олут-туу жабыркоодон денсоолугунан ажыраган адам; медициналык реабилитация - органдардын бузулган функцияларын калы-бына келтирүүгө, аларды компенсациялоого же алмаштырууга, ошондой эледарттардын кабылдоосун токтотууга багытталган жекече медициналык, дары-лоо-диагностикалык, санаториялык-курорттук жана медициналык-социалдыкчаралардын комплекси; медициналык-социалдык экспертиза - кесиптик эмгекке жөндөмдүүлү-гүн, майыптыктын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды соци-алдык жактан коргоо жана реабилитациялоо чараларын кошкондо жарандардынэмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын белгилөө (аныктоо) процесси(жол-жобосу); аскердик-врачтык экспертиза - аскер кызматына чакырылууга тийишболгон жарандардын аскердик кызмат өтөөгө жарактуулук категориясын,ошондой эле майып болуунун (жаракат алуу, жарадар болуу, контузия алуу)себептерин аныктоо, аскердик же атайын кызматты өтөөгө же аскердик жый-ындарда болууга байланышкан жарандардын ооруларынын себептерин аныктоопроцесси. Аскердик-врачтык экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик органтарабынан жүргүзүлөт; билим берүү реабилитациясы - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүк-төрү чектелген адамдардын зарыл түрдө жалпы билим алуусунун зарылчылы-гына жараша - атайын же кошумча билим алуусун, жањы кесипке ээ болушүчүн кесиптик кайра даярдоодон өтүү процесстерин өзүнө камтыган ишчара-лар комплекси; тиричилик аракетинин чектелиши - адамдын өзүн өзү тейлөө жөндөм-дүүлүгүнүн же өз алдынча жылып жүрүшүнүн, багыт алуусунун, бирөөлөр ме-нен баарлашуусунун, өз жүрүм-турумун көзөмөлдөй алышынын, жумуш иштөөгөүйрөнүүсүнүн же аткаруу кудуретинин толук бойдон же жарым-жартылай жо-голушу; педагогикалык реабилитация - ањсезимдүү жүрүм-турум, өзүн өзү тей-лөө, мектептен билим алуу боюнча зарыл билимдерге ээ болууларына мүм-күндүк бере турган денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарды тарбиялоочу жана окутуп-үйрөтүүчү ишчаралар комплекси; психологиялык реабилитация - андан аркы турмушундагы коркунучтужењүүгө, "майып" социалдык-психологиялык комплексти жоюуга, жигердүүинсандык өз көзкарашын бекемдөөгө багытталган ишчаралар комплекси; реабилитациялык борбор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралган уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн, денсоолугуна байланыштуу мүм-күнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоону жана жумуштуулуктунатайын формаларын уюштурууну ишке ашырган юридикалык жак; социалдык реабилитация - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүчектелген адамдардын организминин бузулган функцияларын калыбына келти-рүүгө (же компенсацияга) жана алардын нормалдуу тиричилик аракеттеринекөнүүсүнө (адаптация) багытталган уюштуруу, экономикалык, шаар куруужана башка реабилитациялык иш-чаралар комплекси; социалдык-чөйрөлүк реабилитация - денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдарга тиричилик функцияларын жана санитар-дык-гигиеналык иш аракеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн ыкмаларды пайда-лана билүүгө үйрөтүүнү камсыз кылган турак-жайды ылайыктуу ыкмалар ме-нен уюштуруу боюнча ишчаралар комплекси; социалдык-эмгектик реабилитация - денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарына өндүрүштүк чөйрөнү ылай-ыкташтыруу, өндүрүштүн талаптарына алардын көнүшү (адаптация); социалдык-маданий реабилитация - ар кандай маалыматтарга, социал-дык-маданий жактан тейленишине, чыгармачылыктын жетиштүү түрлөрүнө жа-раша денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ке-ректөөлөрүн канааттандырууга багытталган ишчаралар комплекси; социалдык кызматкер - жалгызбой кары-картањ жарандарга жана майып-тарга үйүндө социалдык жактан ар тараптуу жардам көрсөтүү милдетин ат-карган социалдык жактан коргоо уюмунун аймактык органынын кызматкери; атайын адабияттар - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдар колдоно турган мүмкүнчүлүктү эске алуу менен даярдалганбасма түрүндөгү чыгармалар ; адистештирилген стационардык мекемелер - денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу жашоо жана жекече реаби-литация программасына ылайык керектүү медициналык жардам көрсөтүү үчүнарналган мамлекеттик же менчик мекемелер (жатак үйлөр); атайын транспорт - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдардын пайдаланышы жана ага ээ болушу үчүн атайын ыкмаларменен камсыздалган транспорт каражатынын ар кандай түрлөрү; атайын фонд - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдардын инфраструктуранын объекттери боюнча милдеттерди аткарбаганжеке жана юридикалык жактардын чегерүүлөрү түрүндө келип түшүүчү акчакаражаттарын топтой турган максаттуу фонд. жумуштуулуктун атайын формасы - калыптанып өсүүсүндө психикалыкжана акыл-эс жагынан жабыркаган адамдар үчүн жумуштун артыкчылыкка ээболгон тез ыкмасын пайдалануу менен жумуш орундарын түзүүчү жана эмгекыкмаларына окутуп-үйрөтүүчү уюм. 2-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кара-та Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкү принциптерге не-гизделген: - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга ка-рата адамдын жана жарандын укуктарын сактоо; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген себептерденулам чүнчүп кетүүгө жол бербөө; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар мам-лекет тараптан социалдык жактан корголушун гарантиялоо; - социалдык жењилдиктерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү, майыптык ка-тегорияларын жана топторун алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынсоциалдык абалынын төмөндөп кетишине жол бербөө; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынжеке муктаждыктарына карата социалдык жактан корголушуна багыт берүү; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынденсоолугун реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республикасынын ден-соолукту коргоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-лык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар-дын колдонуудагы программасына ылайык камсыз кылуу; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынбилимге, маалымат алууга, ишкердүүлүктүн, анын ичинде эмгек түрүн эркинтандоосуна жетишин жана бирдей укуктуулугун камсыз кылуу; - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алардынкызмат адамдарынын, ошондой эле денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктө-рү чектелген адамдардын укуктарын бузган жарандардын жоопкерчилигинкамсыз кылуу; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ре-абилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын (реабилитациялоо борборлору-нун) кызматташуусун жана колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылуу. 3-статья. Жањсоо тили Кыргыз Республикасында жањсоо тили инсандар аралык байланыш кара-жаты катары таанылат жана колдоого алынат, ошондой эле аны коомдун ти-ричилик аракеттеринин ар түрдүү жактарында өнүктүрүү жана колдонуу бо-юнча чаралар көрүлөт. Мамлекет денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дардын укуктарын коргоо үчүн зарыл учурларда сурдокотормо боюнча кызматкөрсөтүүнү камсыз кылганга милдеттүү. 4-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана гарантиялары тууралуу мыйзамдар Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынукуктары жана гарантиялары тууралуу мыйзамдар Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына негизделген жана ушул Мыйзамдан, башка нормативдүүукуктук актылардын жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Рес-публикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерден турат. 5-статья. Эларалык келишимдердин колдонулушу Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы ка-тышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерде бул Мыйзамда каралган-дан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдердин эрежелериколдонулат. II глава Социалдык укуктар жана гарантиялар 6-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык жактан корголууга укугу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жашаганжерине, майыптык категорияларына жана топторуна карабастан мамлекет та-рабынан гарантияланган социалдык жењилдиктерди алууда жана тейлөөлөрдөбирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын со-циалдык жактан корголууга укугу, майыптык тобу тиешелүү ыйгарым укуктуумамлекеттик орган тарап белгилеген убактан баштап пайда болот. 7-статья. Социалдык коргоонун түрлөрү Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды соци-алдык жактан коргоо коомдун турмушунда денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдардын бирдей катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгөбагытталган социалдык жактан жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамле-кет тараптан социалдык жактан коргоонун төмөнкү түрлөрү гарантияланат: - социалдык жењилдиктер; - пенсиялар, социалдык жардамдар жана компенсациялар; - социалдык-тиричилик жактан тейлөө; - үйүндө тейлөө; - стационардык мекемелерде тейлөө; - техникалык жана атайын каражаттарды берүү; - реабилитациянын бардык түрлөрү; - кошумча социалдык гарантиялар. 8-статья. Социалдык жењилдиктер Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жанаалардын үйбүлөлөрүнө коммуналдык тейлөөлөргө, жылуулук-,газ-,суу-, жанаэлектр энергиясына төлөөдө, медициналык жана реабилитациялык тейлөөлөр-дө, жол киреге социалдык жењилдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 9-статья. Пенсиялар, жөлөкпулдар жана компенсациялар Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жанаалардын эмгекке жарамсыз үйбүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле курамында ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдары бар үйбүлөлөр-гө берилүүчү социалдык жардам пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдар жанакомпенсациялар түрүндөгү төлөмдөрдү камтыйт. Денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да белгиленген пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана компенсация-ларды төлөп берүү гарантияланат. 10-статья. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө Зарыл учурларда денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенжалгызбой адамдарга материалдык-тиричилик жактан тейлөөлөр, анын ичиндетамак-аш жана өнөр жай товарларын жеткирип берүү, тамактануусун, тири-чилигин жана бош убактыларын уюштуруу боюнча тейлөө кызматтары көрсөтү-лөт. Мамлекет бул категориядагы жарандарга социалдык жактан кызмат көр-сөтүүнүн мамлекеттик системасында социалдык-тиричилик жактан акысызтейлөөнү жүргүзүүгө карата алардын укугун гарантиялайт. 11-статья. Үйүнө барып тейлөө Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жалгызбой жаша-ган, бирөөнүн кароосуна жана жардамына муктаж адамдарга үйүнө барып со-циалдык жактан тейлөө кызматы көрсөтүлөт. Үйүнө барып тейлөө социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерле-ри (социалдык 1сызматкерлер) тараптан жүзөгө ашырылат. 12-статья. Атайын стационардык мекемелерде тейлөө Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, жарым-жартылайже бирөөнүн такай кароосуна муктаж адамдарды ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органдардын адистештирилген стационардык мекемелеринде тейлөө боюн-ча кызматтар көрсөтүлөт. Адистештирилген стационардык мекемелерде денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, социалдык жактан көрсөтүлгөн тей-лөөлөр менен катар денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдардын денсоолугун реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республи-касынын денсоолукту коргоо боюнча мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медици-налык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантия-лардын программасына ылайык жашоо-тиричилигинин тиешелүү шарттарын, ме-дициналык тейлөөнү, ошондой эле эмгек ишкердигин, эс алуусун жана бошубактысын уюштуруу камсыз кылынат. 13-статья. Техникалык жана атайын каражаттар менен камсыз кылуу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жекечереабилитациялоо программасына ылайык протез-ортопедиялык жардам менен,техникалык көмөкчү каражаттар жана башка атайын каражаттар менен КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздалышат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, таянычтарынанжабыркаган адамдарга кыймылдап жылып туруу үчүн керектүү техникалык ка-ражат берилет. Эгерде жекече реабилитация программасында каралган техникалык ка-ражатты денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам өз ка-ражатына алган болсо, анда техникалык каражатка Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган өлчөмдөгү компенсация төлөнөт. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга бери-лүүчү техникалык каражаттардын тизмесин жана алардын наркынын өлчөмүнКыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Жумуш берүүчүнүн (уюмдун, ишкананын менчигинин түрүнө карабастан)күнөөсү боюнча эмгекке жарамсыздыкка же кесиптик дартка чалдыккан ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар техникалык жанаатайын каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен камсызкылынат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, техникалык жа-на атайын каражаттарды алууга укугу бар адамдар республикалык бюджеттинкаражатынын эсебинен камсыз кылынат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын окуу-сун жана тарбиясын ишке ашырган билим берүүчү уюмдар атайын ариптер ме-нен даярдалган басылмалар, үндү күчөтүп угузуучу аппаратура жана сигна-лизаторлор менен мамлекет тарабынан камсыз кылынат. 14-статья. Кошумча социалдык гарантиялар Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кошумча жењилдиктерди жана гаранти-яларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгилегенге укуктуу. III глава Саясый укуктар жана гарантиялар 15-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын шайлоого карата укуктары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, башкажарандар менен катар эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого, ошондой эле конституция-лык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышканга укуктуу. Саясый уюмдарга жана бирикмелерге денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдар шайланган учурда мамлекеттик бийлик жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына квота коюлат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мам-лекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлообоюнча сандык нормасы, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн тартиби шайлоожөнүндөгү мыйзамдар менен аныкталат. 16-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын биригүүгө карата укуктары Өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өзара колдоо көрсөтүүжана тейлөө максатында денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектел-ген адамдар жана алардын өкүлү болгон адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук уюмдарды уюштурууга укуктуу. 17-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын митингдерге жана демонстрацияларга чыгуу укуктары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, алар-дын бирикмелери жана уюмдары тынчтык жолу менен, куралсыз жана чогулуш-тарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды, пикеттерди өткөрүү-нүн мыйзам менен белгиленген тартибин сактаган шарттарда чогулгангаукуктуу. 18-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын мамлекеттик башкарууга катышуусу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар мыйзам-да белгиленген формаларда мамлекеттик башкарууга катышууга укуктуу. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар мамле-кеттик жана муниципалдык кызматка бирдей даражада укуктуу болушат. 19-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого болгон укуктары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынукуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук же башка тартипте мамле-кет тараптан камсыз кылынат. Жаран сот тартиби боюнча мамлекеттик органдын чечимин денсоолугунабайланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам тараптан кабыл алынышы жеалынбасы тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин тала-шып-тартышууга укуктуу. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынукуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга күнөө-лүү кызмат адамдары жана башка жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген материалдык, администрациялык, тартип жана кыл-мыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат. Материалдык каражаты болбосо жана денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдын өтүнүчү боюнча мамлекет ага акысыз юридика-лык жардам берүүнү камсыз кылат. 20-статья. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга карата укук Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жекежана жамааттык кайрылуулар менен мамлекеттик бийлик органдарына, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына кайрыл-ганга укугу бар, алар өз компетенциясынын чегинде бул кайрылууларды ка-раганга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөнегиздүү жооп бергенге милдеттүү. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-на келип түшкөн кайрылууларды (арыздарды, даттанууларды жана сунуштар-ды) кароодон негизсиз баш тартууга жол берилбейт. IV глава Денсоолукту коргоо жана медициналык камсыздоо 21-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын денсоолугун коргоо боюнча гарантиялар Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар ден-со-олукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жа-рандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекет-тик гарантиялардын программасына ылайык денсоолугун коргоого, майыптык-тын алдын алууга, медициналык-санитардык жардам алганга, реабилитация-га, дары-дармек, протез-ортопедиялык жасалгалар жана кыймылдап жылыптурууга жекече каражаттар менен камсыз болууга укуктуу. 22-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-санитардык жактан тейлөө маселелери Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды меди-циналык-санитардык жактан камсыз кылуу маселеси Кыргыз Республикасынынденсоолукту коргоо мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдөн турат: - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын ден-соолугуна байланыштуу абалын колдоо; - анын начарлап кетишине жол бербөө; - жекече реабилитация программасын эске алуу менен квалификациялуумедициналык жардам көрсөтүү; - майыптыктын алдын алуу жана болтурбоо; - эрте диагностиканын жана денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү-нүн чектелишине себепкер болуп эсептелген дарттарды өз убагында анык-тоо. 23-статья. Медициналык жардамдын түрлөрү Ден-соолукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык мамлекет тарабынан медициналык жардамдын төмөнкү түрлөрү гаран-тияланат: - керектүү дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу; - медициналык кызмат көрсөтүү; - медициналык реабилитациялоо. 24-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дары-дармектер жана медикаментоздор менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет денсоолугунабайланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дары-дармектер жана ме-дикаментоздор менен камсыз кылууну жењилдетилген шарттарда ишке ашырат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар да-ры-дармектер жана медикаментоздор менен 18 жашка чейин Кыргыз Республи-касынын денсоолукту коргоо боюнча мыйзамдарына, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитар-дык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын прог-раммасына ылайык акысыз негизде камсыз кылынат. 25-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык жактан тейлөө Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды меди-циналык жактан тейлөө кызматы үйүндө жана саламаттык сактоонун медици-налык стационардык дарылап-профилактикалоочу уюмдарында Кыргыз Респуб-ликасынын денсоолукту коргоо боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-са-нитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардынпрограммасына ылайык ишке ашырылат. Үйүнө барып медициналык жактан тейлөө кызматы аймактык дары-лап-профилактикалоочу уюмдар, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, (же) үйбүлөлүкмедицина борборлору же денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектел-ген адамдардын жашаган жери боюнча жалпы дарыгерлер практикасынын бор-борлору тараптан ишке ашырылат. Үйүнө барып медициналык жактан тейлөө, стационардык мекемеде жатыпдарыланууну талап кылбаган жана дарылаган дарыгердин тиешелүү корутун-дусунун негизинде денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарга карата көрсөтүлөт. Дарылап-профилактикалоочу медициналык стационардык уюмдарда меди-циналык жардам менен катар эле денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүчектелген адамдар объективдүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча убактылуу келипжашоо үчүн зарыл шарттар менен камсыз болуулары тийиш. 26-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды сана-ториялык-курорттук дарылоо социалдык жактан коргоо органдары тараптанжашаган жери боюнча төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кылынат: - 1-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу акысыз, медициналыккөрсөткүчтөрдүн негизинде 1-топтогу майып адамды жандап жүргөн адамга50% жењилдик; - 2-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 50% жењилдик; - 3-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 30% жењилдик. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор республикалык бюд-жеттин каражаттарынан социалдык жактан коргоо органдары тараптан жаша-ган жери боюнча берилет. 27-статья. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу максатында мамлекет жу-гушсуз ооруларга каршы күрөшүүнүн Европалык стратегиясын ишке ашыруубоюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иш-аракеттеринин бекитилгенпланына ылайык майыптыктын себептеринин бири болуп эсептелген дарттардыөз убагында аныктап жана кабылдап кете электе оорусунун атын койдуруу-су, дене-бой жагынан, акыл-эс жана башка кемчилдиктерден пайда болгонжана организмдин функцияларынын таптакыр чектелип калышына өтүп кеткен,ошондой эле денсоолукту коргоо, жашоо чөйрөсүн экологиялык жактан жак-шыртуу, куунак жашоону калыптандыруу, эмгектин коопсуз шарттарын камсызкылуу, өндүрүштө жабыркоого жол бербөө, кесиптик дарттарга чалдыгуунуазайтуу боюнча ишчараларды жүзөгө ашырат жана алар боюнча чараларды кө-рөт. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу мамлекеттик органдартараптан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарттардын кабылдоосунункоркунучтуу факторлорун азайтуу боюнча сектор аралык ишчараларды камсызкылуу жөнүндөгү талаптарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалыкжактар тараптан ишке ашырылат. V глава Эмгекти коргоо жана эмгек ишмердүүлүгү 28-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгек ишмердүүлүгүнүн гарантиялары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар эмгекишмердүүлүгүн майыптык категорияларына жана тобуна карабастан ишке ашы-рууга укуктуу. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеке-че реабилитациялоо программасын эске алуу менен денсоолугуна байланыш-туу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегинен пайдаланган бөлүм-дөрдө адатка айланган шартта иштеген өндүрүштө, адистештирилген уюмдар-да, цехтерде жана участоктордо иштөөсүнө, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкерлик менен иштөөсүнөукук камсыздалат. Жумуш берүүчү жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнө-түлгөн денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жу-муш ордуна белгиленген квотанын эсебинен жумушка алууга милдеттүү. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жу-мушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт. 29-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталоо Жумуш берүүчүлөр коюлган квотанын эсебинен денсоолугуна байланыш-туу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумушорундарды түзүүгө милдетүү. Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардынкатышуусу менен денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди иштеп жат-кандардын санынан (эгерде иштеп жаткандардын саны 20 кишиден кем эмесболсо) 5%тен кем эмес өлчөмдө иштеп чыгышат, ал эми жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялараны бекитишет. Ошону менен бирге бул нормативдин эсебинен толук эмесжумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүнжумуш орундарын квоталоо нормативи жумуш берүүчүлөргө жумуштуулук боюн-ча мамлекеттик кызмат органдары тараптан кезектеги календардык жыл баш-талганга чейин 3 ай мурда жеткирилиши керек. 30-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштуруу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишкеорноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тараптанкамсыз кылынат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарды атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуутууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү бо-луп эсептелет. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамды мамле-кеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча жумушка себепсиз кабыл ал-бай койгон учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартат. 31-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгек шарттары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, иштеп жатканадамдарга жумуш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тараптанберилген жекече реабилитациялоо программасына ылайык, анын ичинде алар-ды өндүрүштө кесипке окутуу жана үй шартында аткарылуучу эмгекти уюшту-руу аркылуу жумуш шарттарын түзүүгө милдеттүү. Башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек шарттары, анын ичинде эм-гек акысы, жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы, жыл сайынберилүүчү эмгек эс алуусунун узактыгы жамааттык келишимде, эмгек кели-шиминде денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынабалын начарлатууга же укуктарын чектөөгө тийиш эмес. I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектел-ген адамдар үчүн жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу белгиленет жума-сына 36 сааттан көп эмес же кызматкер менен макулдашуу боюнча башка ре-жим белгиленет. Мында I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүм-күнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар күндүк жумуш убактысынын узактыгы7 сааттан ашпашы керек. Жумуш убактысынын суммаланган эсебин колдонгон-го болбойт. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды бел-гилүү убакыттан ашык иштетүүгө, демалыш күндөрүндө жана түнкүсүн жумуш-ка тартуу алардын макулдугу менен жана мындай жумушка медициналык кору-тундуда тыюу салынбаган шартта гана жол берилет. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишса-парга жөнөтүү алардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Жумуш берүүчү денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдарга жумуш аткаруу нормаларын алардын денсоолугунун абалына каратаазайтканга укуктуу. Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (Медициналык-со-циалдык эксперттик комиссия, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социал-дык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Эмгек боюнча мамлекеттик инспек-ция) толук эмес жумуш убактысынын режими, аткара турган жумуштун көлө-мүн азайтуу жана иштеп жаткан денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүчектелген адамдардын башка эмгек шарттары жөнүндөгү корутундусу жумушберүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет. 32-статья. Эмгектик майыптыкка байланыштуу денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгек ишмердиги Жумуш берүүчүлөр ошол уюмдан кесиптик дартка чалдыккан же жумушмезгилинде майыптыкка дуушар болгон кызматкерлер үчүн жањы жумуш орун-дарын түзүүгө же бөлүүгө милдеттүү. Бул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбай, алкызматкерлер менен эмгек келишимин бузса, жумуш берүүчү Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Пенсияга чыкканга чейин жумуш берүүчүдө иштеген денсоолугуна бай-ланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн анын башка кызматкерле-риндей эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган медициналыкжактан тейлөөгө, турак-жай менен камсыз болууга, денсоолукту чыњдоочужана профилактикалык мекемелерге жолдомо алууга, ошондой эле башка со-циалдык жактан тейлөөлөргө жана жењилдиктерден пайдаланганга мүмкүнчү-лүктөрдү колдонгонго укуктары сакталат. Жумуш берүүчү өздүк каражатынын эсебинен денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, жалгызбойлордун, бирөөнүн жарда-мына муктаждардын жана багып-кароону талап кылгандардын пенсияларынажамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган кошумча төлөөлөрдү,ошондой эле башка жењилдиктерди белгилеп бергенге укуктуу. 33-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ишкердик ишаракеттери Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар юриди-калык жакты түзүп жана түзбөстөн ишкердик жүргүзгөнгө укуктуу. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары жеке эмгек ишкердик жүргүзгөн денсоолугунабайланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга көрсөтүлгөн ишкердикүчүн адам жашабаган жайларды берүүдө, сырьену алууда жана продукциянысатууда зарыл жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Ишкердик жүргүзгөн денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган же-њилдиктерден пайдаланганга укуктуу. VI глава Коомго маданий-билим берүү жагынан интеграциялоо 34-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын билим алууга жана кесиптик жактан даярдыктан өтүүгө жетүүсүн камсыз кылуу Мамлекет денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дардын маалымат, билим алуусу жана кесиптик жактан даярдалышы үчүн за-рыл шарттарды түзүүнү гарантиялайт. Билим берүү мекемелери социалдык жактан коргоо органдары жана са-ламаттык сактоо органдары менен бирдикте денсоолугуна байланыштуу мүм-күнчүлүктөрү чектелген балдардын мектепке чейинки, мектептен тышкаркытарбиясын жана билим алышын, жалпы орто, башталгыч кесиптик, орто ке-сиптик жана жогорку кесиптик билим алууну жекече реабилитациялоо прог-раммасына ылайык камсыз кылышат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жанаалардын балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде тарбиялоо, оку-туу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды окутуу үчүн төлөмдөргө жењилдиктердибелгилегенге укуктуу. Мамлекет денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дарды керектүү кесиптик жана эмгек ыкмаларына үйрөтүү максатында жекечереабилитациялоо программасына ылайык жана мамлекеттик мекемелер тарап-тан кошумча билим берүү боюнча тейлөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн болбосо тие-шелүү профилдеги реабилитациялык борборлордон социалдык жактан тейлөө-лөрдү сатып алганга укуктуу. 35-статья. Окутуу формалары Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга билимберүү, кесипке даярдалышы жана квалификациясын жогорулатуу ар кандайформаларда, анын ичинде такай катышып окуу, сырттан окуу жана аралыктан(дистанттык) окуу формаларында, экстерн менен, атайын топтордо, класс-тарда жана үйүндө окутууну кошо алганда жекече окутуу планы боюнча ишкеашырылат. 36-статья. Мектепке чейинки тарбия Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген мектепке чейин-ки курактагы балдарды тарбиялоо үчүн кыйла ыњгайлуу мүмкүнчүлүктөрдүтүзүү жана аларга мектепке чейинки жалпы типтеги балдар мекемелериндекеректүү реабилитациялык жардам берүү максатында денсоолугуна байланыш-туу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын аларга келип турушу үчүн шарт-тар түзүлөт. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын жалпытиптеги мектепке чейинки мекемелерге барып-келүүгө денсоолуктары жолбербесе, алар үчүн атайын мектепке чейин мекемелер уюштурулат. 37-статья. Мектепте окутуу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жал-пы орто (толук) билим алуусу жалпы типтеги окуу жайларында, ал эми за-рыл учурда - атайын окуу жайларында ишке ашырылат. Стационардык дарылоочу-профилактикалык же реабилитациялоо мекеме-леринде дарыланып жаткан денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат. 38-статья. Мектептен тышкаркы окутуу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды ар та-раптуу жана гармониялуу өстүрүү, аларда коомдук жигердүүлүктү, эмгеккекызыгууга тарбиялоо, илимге, техникага, искусствого, спортко катышуугакызыктыруу максатында башка мамлекеттик органдар денсоолугуна байланыш-туу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга зарыл шарттарды түзүү менен мек-тептен тышкаркы тарбиянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого милдеттүү. 39-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын баш-талгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуусу жалпытиптеги окуу жайларда, зарыл учурда атайын окуу жайларында ишке ашыры-лат. Стационардык дарылоочу-профилактикалык же реабилитациялоо мекеме-леринде дарыланып жаткан денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген балдар үчүн да окутуу сабактары уюштурулат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар кирүүсынактарын башкалар менен бирдей шартта ийгиликтүү берген учурда баш-талгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларына өтүүдөартыкчылык укукка ээ болушат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүнбилим берүү органдары социалдык жактан коргоо органдары менен бирдиктежыл сайын башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуужайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө орундарга квота коюу боюнча норматив-дерди белгилешет. 40-статья. Үйүндө тарбиялоо жана окутуу Жалпы типтеги билим берүүчү мекемелерде же атайын билим берүүчүмекемелерде денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардыокутууга жана тарбиялоого мүмкүнчүлүгү жок учурда жана эне-аталарынынпикирлерин эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу өз үйүндө жүргүзүлөт.Бул учурда ата-энесинин бирөөнө же анын милдетин аткарып жаткан адамгаматериалдык жактан камсыздоо жана жењилдиктер Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тараптан аныкталган тартипте жана шарттарда берилет. Билим берүүнү башкаруу органдары жана билим берүү уюмдары денсоо-лугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жалпы билим берүүпрограммасы же жекече программа боюнча өз үйүндө окутууну камсыз кылы-шат. Тиешелүү билим берүү уюмдары денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүк-төрү чектелген балдардын жашаган жери боюнча өз үйүндө окутуудаэне-аталарына жардам берет. 41-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кесипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ке-сипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу окуу жайларында, мекеме-лерде жана уюмдарда (атайын же жалпы типтеги) социалдык жактан коргоомекемелери менен бирдикте жекече реабилитациялоо программасына ылайыккамсыз кылынат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ке-сипке даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде материалдыкжактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгантартипте жана шарттарда ишке ашырылат. 42-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын маалыматка ээ болуусун камсыздоо Мамлекет денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дардын маалыматка ээ болушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктөмөнкүлөр аркылуу камсыздайт: - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүнмезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымдоо-информациялык жана көркөмадабият, анын ичинде аудиокассетада, дисктерде, Брайлдын рельефтик-че-киттик ариптери менен жана сурдокотормо менен видеокассеталарда басыпчыгаруулар аркылуу; - бирден кем эмес республикалык телекөрсөтүүчү каналдарда телекөр-сөтүү программаларынын сурдокоторуусун уюштуруу. 43-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды маданий-оюн-зоок мекемелерине жана спорттук-ден-соолук чындоо курулмаларына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары денсоолугуна бай-ланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга маданий-оюн зоок көрсөтөтурган мекемелерди (музейлер, театрлар, кинотеатрлар, көргөзмөлөр) жанаспорттук-денсоолукту чындоочу курулмаларды каалашынча пайдаланууга,физкультура жана спорт менен машыгуулары үчүн керектүү шарттарды түзүү-гө, ошондой эле атайын спорт инвентарлары менен камсыз кылууга тийиш. Ишмердиги улуттук-маданий байлык менен байланышкан уюмдар денсоо-лугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн акысыз кирүүкүндөрүн белгилегенге милдеттүү. VII глава Инфраструктуранын объектилерине жетүү укугу 44-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын инфраструктура объекттерине жана транспорт коммуникацияларына жетүү гарантиялары Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жак-тар менчигинин түрүнө карабастан денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүк-төрү чектелген адамдарга турак-жайга, коомдук, администрациялык жанаөндүрүш имараттарына, курулуштарга жана жайларга, эс алуу жайларына жа-на башка маданий-оюн-зоок мекемелерге жетүү жана коомдук транспорт,транспорт коммуникациялары, байланыш жана маалымат каражаттары, эркинбоолголоо жана орун которуп жүрүү менен кедергисиз пайдаланууга шарт-тарды түзүп берүүгө милдеттүү. 45-статья. Объекттерди долбоорлоого жана аларды курууга коюлуучу талаптар Калктуу конуштарды долбоорлоо жана куруу, калк жашоочу райондордутүзүү, долбоор чечимдерин иштеп чыгуу, имараттарды, курулуштарды, аныничинде аэропортторду, темиржол бекеттерин, дењиз портторун, комплекс-терди, коммуникацияларды курууга жана реконструкциялоого, бул объект-терге денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар ээ бо-луулары жана колдонушу үчүн ылайыкталышын эске алуу менен ишке ашырылы-шы керек. Турак-жайларды, коомдук, өндүрүштүк жана транспорт имараттарындолбоорлоо учурунда аларды денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүчектелген, анын ичинде кресло-коляска же башка кошумча каражаттардынжана шаймандардын жардамы менен жылып жүрүшкөн адамдардын пайдалануумүмкүнчүлүктөрү эске алынышы керек. Эксплуатациялоого кабыл алуу боюнчамамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын курамында социалдык жактан коргоооргандарынын жана денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусусуз көрсөтүлгөн объ-екттерди эксплуатацияга берүүгө жол берилбейт. 46-статья. Инфраструктура объекттеринин денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарына ыњгайлашуусу Юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан алардын менчигиндеже карамагында болгон инфраструктура объекттеринде денсоолугуна байла-ныштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жетиши үчүн зарыл шарттардыкамсыздоого милдеттүү. Социалдык инфраструктуранын иштеп жаткан объекттери денсоолугунабайланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жетиши жана пайдаланы-шы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары менен денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектел-ген адамдардын коомдук уюмдарынын катышуусунда аныкталган тартипте жанашартта ылайыкталууга тийиш. 47-статья. Транспорт каражаттарын жабдуу. Атайын транспорт каражаттары Транспорт, анын ичинде жекече каражаттарды иштетип чыгаруу жанаөндүрүү денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынпайдаланышы жана аларга жетиши үчүн бул каражаттарды ылайыкташтыруунуэске алуу менен жүргүзүлүшү тийиш. Калкты транспорт менен тейлөөнү ишке ашырып жаткан юридикалык жак-тар менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт каражаттарын денсоолугу-на байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар алардын кызматынан ке-дергисиз колдонууга мүмкүнчүлүк бергендей атайын шаймандар менен жабды-шат. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөөгө укук берүүгө кон-курстарды өткөрүү учурунда денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүчектелген адамдарга артыкчылык берилет, мында транспорт каражаттары буладамдар үчүн ылайыкталган болушу керек. 48-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу. Турак-жайларды денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ээ болушуна жана пайдаланышына ыњгайлаштыруу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана өзкурамында денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарыбар турак-жай шарттарын жакшыртуу талап кылынган үйбүлөлөр Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынат жана ту-рак-жай менен камсыз кылынат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жалда-нып жашаган турак-жайлар атайын, жекече реабилитациялоо программасынаылайык атайын каражаттар жана шаймандар менен жабдылат. Көрсөтүлгөн турак-жайларды жасалгалоо жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ту-рак-жай фонду карамагында турган юридикалык жактар тараптан ишке ашыры-лат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, социалдык жак-тан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашаган, жетим же эне-атасынынкароосунан ажыраган балдар18 жашка чыккандан кийин, эгерде жекече реа-билитациялоо программасы өзүн өзү тейлөөнү жана өз алдынча жашай алуумүмкүнчүлүгүн алдынала караса, кезектен тышкары турак-жай менен камсызболушат. 49-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарына инфраструктура объекттеринин ыњгайлашуусуна чегерүүлөр Менчигинин түрүнө карабастан иштеп жаткан транспорт, байланыш,маалымат каражаттарын жана инфраструктуранын башка объектилерине ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жетиши жанапайдаланышы үчүн тиешелүү аймактык комиссиялардын көрсөтмөлөрүнүн неги-зинде ыњгайлашуу боюнча ушул Мыйзамда каралган чараларды аткарбаганюридикалык жактар атайын фонддорго көрсөтүлгөн шаймандардын наркынын үчэселенген өлчөмүндө акча каражаттарын жөнөтөт. Бул каражаттар максаттуу багытта денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдардын инфраструктура жана транспорт объектте-рине жетүүлөрү боюнча алардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатындашаймандарды орнотуу үчүн пайдаланылат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын инф-раструктура жана транспорт объекттерине жетиши жана пайдаланышына кара-та ыњгайлаштыруу боюнча тартип бузууларды аймактык комиссия аныктайт,анын курамына сөзсүз түрдө тиешелүү аймакта иш жүргүзүп жатышкан аймак-тык социалдык жактан коргоо органдарынын жана денсоолугуна байланыштуумүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү кирги-зилиши керек. Атайын фонддорго каражаттарды чегерүү боюнча көрсөтмөлөрдү аткар-боо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликкеалып келет. VIII глава Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо 50-статья. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын реабилитациялоонун гарантиялары жана милдеттери Мамлекет денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам-дарга реабилитациялык ишчараларды өткөрүүнү жана денсоолугуна байланыш-туу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коомго интеграциялоо үчүн зарылшарттарды түзүүнү гарантиялайт. Реабилитациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынкеп профилдик реабилитациясы боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу,социалдык жактан колдоону күчөтүү жана денсоолугуна байланыштуу мүмкүн-чүлүктөрү чектелген адамдардын турмуш шарттарын жакшыртуу; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргаден-соолукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыр-гыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчүмедициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гаран-тиялар программасына ылайык квалификацияланган медициналык, психология-лык-социалдык, социалдыкпедагогикалык, коомдо жана үйбүлөдө жашоого,окууга жана эмгекке болгон жардамдарды көрсөтүү; - социалдык жактан коргоо кызматынын ишмердигинин натыйжалуулугунжогорулатуу; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын,аларга башка жарандар менен бирдей конституциялык укуктарды жана эркин-диктерди ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн реабилитациясистемасын түзүү, ошондой эле аларды коомго интеграциялоо. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга акы-сыз берилүүчү жана мамлекет тараптан гарантиялануучу реабилитациялыкиш-чаралардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан бекитилгенМамлекеттик базалык реабилитациялоо программасы менен аныкталат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын бу-зуп же жоготуп алган организминин функцияларынын, өзүн өзү тейлөөгөжөндөмдүүлүктөрүнүн, кесиптик ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө жөндөм-дүүлүктөрүнүн калыбына келишине же компенсациясына багытталган, ошондойэле денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга толуккандуу өмүр сүрүүгө мүмкүндүк берген жана алардын укуктары менен потен-циалдык мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруучу ишчаралар комплексин көрсөткөнмедициналык, кесиптик жана социалдык реабилитациялоо системасынын буту-на турушун, өнүгүшүн мамлекет уюштурат жана ага түрткү берет. Мамлекет медициналык, кесиптик жана денсоолугуна байланыштуу мүм-күнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык, кесиптик жана социалдыкжактан реабилитациялоо, майыптыктын алдын алуу жаатында адистерди даяр-доону, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат жана каржылайт. 51-статья. Социалдык реабилитациялоонун түрлөрү Мамлекет реабилитациялоонун ишчараларын жүзөгө ашыруудагы комплек-стүү ыкманы камсыз кылат. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды соци-алдык реабилитациялоо көп кырдуу болуп эсептелет жана өзүнө медицина-лык, психологиялык, педагогикалык, билим берүү, социалдык-чөйрөлүк, со-циалдык-эмгектик, социалдык-маданий реабилитацияны камтыйт. Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реа-билитациялоонун негизги багыттары төмөнкүлөрдү: - калыбына келтирүүчү медициналык ишаракеттерди, протездөөнү, са-наториялык-курорттук дарылоону; - кесиптик багыт берүүнү, окутууну жана билим алууну, жумушка ор-ношууга жардам берүүнү, өндүрүшкө ыњгайлашып кетүүнү; - социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык психоло-гиялык жана социалдык-маданий реабилитациялоону, социалдык-тиричиликжактан ыњгайлашып көнүүнү; - дене тарбия-денсоолукту чыњдоочу ишчараларды, спортту камтыйт. 52-статья. Жекече реабилитациялоо программасы Жекече реабилитациялоо программасы денсоолугуна байланыштуу мүм-күнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата реабилитациялоонун мамлекеттикбазалык программасына ылайык реабилитациялык акысыз ишчаралардай элетөлөмдө денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар ка-тышкан жана (же) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар катыш-кан реабилитациялык ишчараларды камтыйт. Жекече реабилитациялоо программасын түзүүнүн негизги принциптериболуп төмөнкүлөр: - жекечелик; - үзгүлтүксүздүк; - ырааттуулук; - ишти улантуучулук; - комплекстүүлүк эсептелет. 53-статья. Жекече реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу жана аткаруу Денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын же-кече реабилитациялоо программасы мамлекеттик бийлик органдарынын, жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башка-руу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын аткарышыүчүн милдеттүү документ болуп эсептелет. Жекече реабилитациялоо программасы жана реабилитациянын мамлекет-тик базалык программасы жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан бекитилет. 54-статья. Реабилитациялык борборлор Денсоолукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беки-түүчү медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттикгарантиялар программасына ылайык республикалык жана жергиликтүү мамле-кеттик бийлик органдары денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдардын реабилитациялык жардамга жана жергиликтүү шарттаргамуктаждыгын эске алуу менен: - реабилитациялык, анын ичинде илимий-өндүрүштүк борборлор тарма-гын; - амбулатордук жана стационардык дарылоо-профилактикалык мекеме-лерде калыбына келтирүүчү дарылоо бөлүмдөрүн; - атайын билим берүүчү уюмдарды; - адистешкен санаториялык-курорттук мекемелерди; - денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга со-циалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүлөр боюнча адистешкен ишканаларменен мекемелерди уюштурушат. Мамлекет мамлекеттик эмес реабилитациялык борборлордун өнүгүшүнө,аларга колдоо көрсөтүү, реабилитация маселелерин чечүүдө жардам көрсө-төт. IX глава Финансылык-материалдык камсыздоо 55-статья. Финансылык жактан камсыздоо булактары Бул Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча ишчараларды финансылык камсыздообулактары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары; - максаттуу атайын фонддордун каражаттары; - кайрымдуулук төгүмдөрү жана кошумча жардамдар; - гранттар жана демөөрчүлүк жардам; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-лактар. 56-статья. Максаттуу атайын фонддор Максаттуу атайын фонддор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын алдында аймактык белгиси боюнча түзүлүп, тиешелүү аймакта колдо-нулат. Максаттуу атайын фонддордун каражаттары инфраструктура жана транс-порт объекттеринин денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдардын керектөөлөрүнө ыњгайлаштырылышы боюнча иш-чараларды жүзөгөашырууда колдонулушу мүмкүн. X глава Корутунду жоболор 57-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамгаылайык келтирсин. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргызстан Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө"(Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-ж., №8, 247-ст.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" (Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин ведомосттору, 1995-ж., № 10, 397-ст.) Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын П бөлүмү; - "Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1999-ж., № 3, 89-ст.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Кыргызстан Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө"Кыргызстан Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыр-гызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 17-апрелиндеги №422-XII токтому. Кыргыз Республикасынын Президенти