КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры № 567 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Командировкага жиберилчү кызматкерлерди социалдык коргоо максатын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тарти-бин белгилөө жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: - "Казакстан" деген позициядагы "30", "20" жана "60" деген сандартиешелүү түрдө "40", "30" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын; - "КЭР" деген позициядагы "21", "15" жана "69" деген сандар тие-шелүү түрдө "30", "20" жана "75" деген сандарга алмаштырылсын; - "Россия" деген позициядагы "30", "20" жана "75" деген сандар ти-ешелүү түрдө "40", "30" жана "80" деген сандарга алмаштырылсын; - "Тажикстан" деген позициядагы "20", "15" жана "50" деген сандартиешелүү түрдө "30", "20" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын; - "Өзбекстан" деген позициядагы "20", "10" жана "50" деген сандартиешелүү түрдө "30", "20" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын. 2. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев