КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры № 570 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-зам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-три бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2006-жылдын 7-апрели, № 25) төмөн-күдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзамдын № 1 тиркемеси ушул Мыйзамга тиркемеге ылайык редакциядаберилсин. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Мыйзамдын кабылалынышы тууралуу Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу ко-митетине жана Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комите-тинин секретариатына белгиленген тартипте билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин 2008-жылы алып келинүүчү товар-ларга "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы тарифтерининставкалары колдонула берет. Кыргыз Республикасынын Президенти