Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-декабры № 574 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ ме-нен үзгүлтүксүз камсыздоого финансылык колдоо көрсөтүү жана2007-2008-жылдардагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна 2008-жылы табигый газ алууүчүн "Узтрансгаз" акционердик коомуна алдын ала төлөө үчүн 12,0 млн.АКШ доллары өлчөмдө кредит берсин; - "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен кредитти төлөөнүн шарт-тары боюнча карыздык милдеттенмени төмөнкүдөй шарттардагы күрөөлүк кам-сыздоо менен аныкталган тартипте түзсүн (карыз алуучунун кредитордуналдындагы карыздык милдеттенмесинде республикалык бюджеттин конвертациябоюнча сарптоолорун карыз алуучунун эсебинен компенсациялоо караштырыл-сын): - кредитти жоюу мөөнөтү - пайдалана баштаган учурдан тартып 24 ай,карыздын негизги суммасын төлөө боюнча үч айлык жењилдиктүү мезгил бе-рүү менен; - кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - 6 процент жыл-дык белгиленсин; - проценттерди эсептөө пайдалана баштаган күндөн тартып жүргүзү-лөт, проценттерди жоюу - пайдалана баштаган күндөн кийинки айдан башта-лат; - төлөө кечиктирилген учурдагы айыптык санкциялар - 12 процентжылдык; - кредиттин валютасы - АКШ доллары; - жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын. 2. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын: - үч календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигине мамлекеттик карыз каражатты кайтаруунун кошумча гарантиясыкатары керектөөчүлөр менен газ үчүн эсептешүү боюнча бардык акча кара-жатты атайын банктык эсепте топтоо жөнүндө милдеттенмесин тийиштүү ма-кулдашуу түзүү менен берүү. Кредит боюнча карыз толук жоюлганга чейинаталган эсептеги акча каражаттын пайдаланылышына контроль Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт; - карыз алуучу 2002-жылдын 4-декабрындагы № 8-000/35д/о Карыздыкмилдеттенмеге 2006-жылдын 24-мартындагы № 8-000/14 Кошумча макулдашуубоюнча, жана 2006-жылдын 31-январындагы № 8-000/04 Карыздык милдеттен-меге 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 8-000/226 Кошумча макулдашуу боюнчамилдеттенмелерди аткарган учурда мурда 2006-жылдын 15-июлунда түзүлгөнКүрөө жөнүндө келишим (каттоо № 1628, тыюу салынган № 1530) бул кредитбоюнча жањы алынган милдеттенмелерди камсыздашы жана анын ажырагысбөлүгү болушу; - жогоруда айтылган Карыздык милдеттенме боюнча милдеттенмелердинаткарылышын камсыздоо үчүн ага менчик укугунда таандык мүлктү жана агакарата укук белгилөөчү документтердин баарын кошумча берүү; - Карыздык милдеттенмеге кол коюлгандан кийин 20 күндүн ичинде2006-жылдын 15-июлунда мурда түзүлгөн Күрөө жөнүндө келишимге (каттоо N1628, тыюу салынган № 1530) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-ну нотариуста тариздөө жана Кошумча берилген мүлккө карата күрөө жөнүн-дө келишимди түзүү; - директорлор кењешинин карыз алуучу жањы алган милдеттенмелерүчүн күрөөлүк камсыздоо берүүгө макулдук жөнүндө чечимин Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алуу; - жогоруда айтылган кредитти салынган проценттери менен кошо Ка-рыздык милдеттенменин жоюу графигине катуу ылайык кайра төлөөнү камсыз-доо. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жанафинансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев