КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-декабры № 579 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиненаны Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 2-пунктунаылайык кезексиз тартипте кароо суралсын. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоокиргизилсин: 1. 1-статьяда "28942549,2", "34886738,2", "4096189,0", "1848000,0"сандары тиешелүү түрдө "31511770,9", "36133611,4", "3141400,0","1480440,5" деген сандар менен алмаштырылсын. 2. 4-статьяда "5207972,4", "2795207,9" сандары тиешелүү түрдө"3858720,3", "2826175,3" деген сандар менен алмаштырылсын. 3. 11-статьяда "948919,3" саны "1105567,9" деген санга алмаштырыл-сын. 4. 14-статьяда "2340785,1" саны "2302917,1" деген санга алмашты-рылсын. 5. 15-статьяда "164431,6" саны "184525,2" деген санга алмаштырыл-сын. 6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-статья менен толукталсын: "22-1-статья. Бюджеттик мекемелер тарабынан (анын ичинде Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигинин дипломатиялык мекемелери да) 2007-жылдыничинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгилеген2007-финансы жылын узартуу боюнча жыйынтыктоочу жүгүртүүлөрдүн мезги-линде пайдаланылбаган бюджеттик каражаттын калдыгы милдеттүү тартиптереспубликалык бюджетке кайтарылууга жатат.". 7. № 1, 1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6-тиркемелери ушул Мыйзамдын № 1,1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти (*) Токтом "МБ" эскертүүсү: NN 1, 1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6-тиркеме-лери техникалык жактан иштелип жатат.