Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-декабры № 581 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө кредиттер боюнча карыздарын жоюунун шарттарын өзгөртүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-2005-жылдарда Япониянын Өкмөтүнүнгранттарынын линиясы боюнча товардык кредиттерди алышкан карыз каражат-тар боюнча 2007-жылдын 1-июлуна карата мөөнөтү кечиктирилген карыздарыбар айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондойэле аталган кредиттердин негизги суммасы боюнча мөөнөтү кечиктирилгенкарызды толук жоюуга түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынынлиниясы боюнча алынган, япон гранттарынын Утурлама фондунун каражатынынжана рекредиттелген ресурстардын эсебинен чарбакер субъекттерге1999-2005-жылдарда айыл чарбалык техника түрүндө 3-4 жыл мөөнөткө жанаайыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү түрүндө мурда берилген кредиттер бо-юнча алардын негизги суммасын төлөөгө мүмкүндүк берүү максатында. - 2007-жылдын 1-июлунан баштап 2008-жылдын 1-сентябрына чейин ка-рыздын мөөнөтү кечиккен төлөмдөрү үчүн айыптык санкция эсептөөнү ток-тотсун; - карыздын 2007-жылдын 1-июлуна карата суммаларын салыштыруунунактыларын аныкталган тартипте тариздесин; - айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кредиттер боюнча карызды жоюусунуншарттарын төмөнкүдөй өзгөртсүн: чарбакер субъекттер кредиттик келишимге ылайык кредиттин негизгисуммасын кредитти төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө карата толук төлөсө төлөө-нүн кредиттик келишимде белгиленген аралык мөөнөттөрүн бузгандык үчүнсалынган айыптык санкциялар боюнча бересе 100 процент өлчөмдө жоюлат; чарбакер субъекттер кредиттин негизги суммасын 2008-жылдын 31-мар-тына чейин толук төлөсө - төлөө графигин бузгандык үчүн салынган айып-тык санкциялар боюнча бересе айыптын суммасынын 75 проценти өлчөмдө жо-юлат; чарбакер субъекттер кредиттин негизги суммасын 2008-жылдын 1-сен-тябрына чейин төлөсө - төлөө графигин бузгандык үчүн салынган айыптыксанкциялар боюнча бересе айыптын суммасынын 50 проценти өлчөмдө жоюлат. 2. Япон гранттарынын Утурлама фондунун каражатынын жана рекредит-телген ресурстардын эсебинен чарбакер субъекттерге 1999-2005-жылдардаайыл чарбалык техника түрүндө 3-4 жыл мөөнөткө жана айыл чарба өсүмдүк-төрүнүн үрөндөрү түрүндө Япониянын Өкмөтүнүн г гранттарынын линиясы бо-юнча берилген кредиттер боюнча алардын негизги суммасы жана салынганайыптык санкциялар боюнча эсептелген бересесин 2008-жылдын 1-сентябрыначейин төлөбөгөн чарбакер субъекттерге карата мурда түзүлгөн кредиттиккелишимдерде каралган шарттар колдонулаары белгиленсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан - биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев