Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-декабры № 584 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун андан ары өнүктүрүү мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - эл аралык аба линиялары боюнча "Манас" жана "Ош" эл аралык аэро-портторунан учуп чыгуучу жүргүнчүлөр үчүн АКШнын 10 доллары өлчөмүндөаэропорттук жыйымды белгилөө жөнүндө маселени "Манас" эл аралык аэро-порту" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароо-суна киргизсин; - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна белгилен-ген жана алынган аэропорттук жыйымдардан каражаттарды максаттуу пайда-ланууну камсыз кылуу жана аларды төмөнкүдөй тартипте багыттоо сунуш кы-лынсын: - "Манас" эл аралык аэропорту боюнча - мамлекеттик карыздык мил-деттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эконо-миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун алдындагы карызын жоюуга; "Ош" эл аралык аэропорту боюнча - ушул аэропортту техникалык кайражабдууга жана реконструкциялоого. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо фонду жөнүндө жо-бону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылдын21-апрелиндеги № 235 токтому; - "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо фонду жөнүндө жо-бону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылдын21-апрелиндеги № 235 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кирги-зүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-июнундагы №323 токтому. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев