Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 13-декабры № 586

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика

жана отун ресурстары министрлигине караштуу

Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык

борборунун маселелери

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2007-жылдын  26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын  Өнөр  жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери"  жөнүндө  токтомунун  2-пунктуна  ылайык  жана энергетика тармагын  илимий-техникалык жактан натыйжалуу камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Энергетика  боюнча кыргыз илимий-техникалык борбору Кыргыз Республикасынын Өнөр  жай,  энергетика  жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика  боюнча  кыргыз илимий-техникалык борбору болуп өзгөртүп түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине  караштуу  Энергетика  боюнча кыргыз илимий-техникалык борбору жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине  караштуу  Энергетика  боюнча кыргыз илимий-техникалык борборуна энергетика  тармагында  мамлекеттик  мааниге ээ артыкчылыктуу илимий-изилдөөчү иштерди аткаруу тапшырылсын.

4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  1996-жылдын 5-августундагы № 359 "Кыргыз  илимий-изилдөөчү энергетика институтун Кыргызстандын энергетика боюнча  илимий-техникалык  борборуна "Энергия" КЭИТБ) айландыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  1997-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргызстандын  энергетика боюнча илимий-техникалык борбору ("Энергия" КЭИТБ) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

И.Айдаралиев