Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-декабры № 588 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акытөлөөгө жењилдиктерди берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535"Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгөакчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Бишкек шаарында жашаган жарандарды кошпогондо, бул токтомдунтиркемесинде көрсөтүлгөн жарандардын бардык категорияларына ай сайынакчалай компенсация төлөө 2008-жылдын 1-январынан тартып милдеттүүтүрдө жүргүзүлсүн. Бишкек шаарында жашаган жарандарга акчалай компенсация төлөө алар-дын каалоосу менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт."; - 3-пунктта "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын; - 4-пунктта: "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөрменен алмаштырылсын; "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын; - 6-пункттагы "Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык жана мада-ний өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социал-дык өнүктүрүү бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев