Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-декабры № 595 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы (макулдашуубоюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешитарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлүболуп дайындалсын. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоокиргизилсин: 1. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон курак жана стажы 1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер жана 58 жашкатолгон аялдар укуктуу. Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептиккамсыздандыруу стажы эркектер үчүн - 25 жашты, аялдар үчүн - 20 жаштытүзөт. Толук эсептик камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсия ушул Мый-замдын 10-статьясына ылайык дайындалат. 2. Курагы боюнча пенсияга акыркы иштеген ордуна карабастан, жењил-дик берүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу: а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жанаөзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Өндүрүштөрдүн, жумуштар-дын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча(мындан ары - № 1 Тизме): 53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер; 48 жашка толгон жана иштөөнүн жалпы камсыздандыруу стажы 15 жыл,анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көр-сөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар. № 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын тењиненаз иш стажы болгондо ушул статьянын 1-пунктунда каралган жаш курагыкөрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат. № 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөө социалдык камсызданды-руунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-нун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт; б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толукжумуш күнүндө иштегендер - № 2 Тизме боюнча: 58 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 25жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер; 53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар; текстиль өндүрүштөрүнүн станоктордо жана машиналарда иштеген аялкызматкерлери - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыз-дандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан бекитилүүчү Өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча; № 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлеринепенсия дайындоо жана төлөө жумуш берүүчү тарабынан жењилдик берүүчүстаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жер боюнча жана ушул статьянын 1-пунк-туна ылайык кызматкер пенсиялык куракка толгонго чейин жумуш берүүчүнүнкаражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарылболгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аялкызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттаркапиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Кыргыз Республикасы-нын Социалдык фондунун органдары тарабынан жүргүзүлөт. 3. Калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде Чернобыль АЭСиндеги кыйроо-нун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан (анын ичинде убактылуужиберилген же иш сапарына жиберилген) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСиништетүүдө же башка жумуштарда иштеген адамдар, ошондой эле дислокация-ланган жерине жана аткарган ишине карабастан, ошол мезгилде атайын жы-йындарга чакырылган жана көрсөтүлгөн кыйроонун кесепеттерин жоюуга бай-ланыштуу жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскергемилдеттүүлөр, ошондой эле калк көчүрүлгөн зонада кызмат өтөгөн ички иш-тер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги-нин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын жетекчи жана катардагы курамынынадамдары: а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар: 53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон эркектер; 48 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 15 жыл болгон аялдар; б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар: 58 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 25 жыл болгон эркектер; 53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон аялдар курагы боюнчапенсия алууга укуктуу. 4. Гипофиздик нанизм (лилипуттар) дартына чалдыккан адамдарга жанадиспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия: 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу стажы болгон эркектер-ге; 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу стажы болгон аялдаргабелгиленет. 5. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдарга (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчү Бийик тоолуу шарт-тарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесине ылайык) курагы боюнчапенсия: а) эгерде бийик тоолуу шарттарда кеминде 15 календардык жыл иштесежана жалпы камсыздандыруу стажы тиешелүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо, 58жашка толгон эркектерге, 53 жашка толгон аялдарга; б) эгерде бийик тоолуу шарттарда кеминде 12 календардык жыл иште-се, үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка толгонгочейин тарбиялаган аялдарга 48 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруустажы болгондо белгиленет. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын мөөнөтүнөн мурда пенсияга чы-гышына байланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 6. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейинтарбиялаган аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу стажыболгондо курагы боюнча пенсия алууга укуктуу. Тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаганаялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо ку-рагы боюнча пенсия алууга укуктуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-ленген курагына толгонго чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына бай-ланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 7. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюу-га, штаттык санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байла-ныштуу алардан бошотулуучу кызматкерлер: камсыздандыруу стажы 25 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 61жашка толгон эркектер; камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 56жашка толгон аялдар пенсия алууга укуктуу. Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген кура-гына толгонго чейин пенсия төлөөгө жумуш берүүчү тарабынан Социалдыкфондго каражаттар чегерилген шартта жүргүзүлөт.". 2. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын. "12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар 1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсиягатөмөнкүлөр укуктуу. а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кызматтар-дын тизмесине жана иштөө узактыгынын мөөнөттөрүн аныктоонун тартибинеылайык учуу жана учуу-сыноо курамынын бул кызматтарда иштөө узактыгытөмөнкүдөй кызматкерлери: кеминде 25 жыл иштеген эркектер, кеминде 20 жыл иштеген аялдар; б) аба кыймылын башкарууну жүзөгө ашыруучу жана диспетчердин күбө-лүгү бар кызматкерлер: 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын ичиндекамсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тике-лей башкаруу боюнча болгон эркектер; 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичиндекамсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учуусун тикелейбашкаруу боюнча болгон аялдар; в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкер-лери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кызматтардынжана жумуштардын тизмеси боюнча: 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын кеминде20 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон эркектер; 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын кеминде15 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон аялдар; г) театрлардын жана башка театр-оюн-зоок ишканаларынын жана жа-мааттардын пенсия алууга укук берген чыгармачыл иште 20 жыл стажы барартисттери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Тизме-ге ылайык. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн кызматкерлерге пенсия-ларды дайындоо жана төлөө жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүр-гүзүлөт. Ишканалар жоюлуп кеткен, кайра түзүлгөн учурларда эмгектин өзгөчөшарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө ошол пенсиялардытөлөөгө багышталган каражаттарды капитализациялоо жана өткөрүп берүүшартында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынанжүргүзүлөт. 3. 33-1 статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи аб-зац менен толукталсын: "2008-жылы - 2006-2007-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн.". 2-статья. Бул Мыйзам 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти