КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-декабры № 603
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ишкердик субъекттердин ишмердигине
ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу
таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №
344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын опти-
малдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Тиркелген: Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук ак-
тылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун усулу (мындан ары - Усул) бе-
китилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердик
жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жого-
руда аталган Усулга таянышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары иштеп чыккан ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун Усулга шайкештигин мониторингдөө боюнча
координациялоочу орган катары аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги аныкталган тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана башка норма-
тивдик укуктук актыларга ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жа-
на толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын кызматкерлери үчүн Усулду иш жүзүндө киргизүү боюнча
окутуу семинарларын өткөрсүн;
- аткаруу бийлигинин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарына Усулду иш жүзүндө киргизүү боюнча керектүү усулдук
жардам көрсөтсүн;
- эл аралык донордук уюмдардан тартылган гранттык каражаттардын
эсебинен окутууну жана техникалык башка жардамдарды ишке ашырсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жа-
на Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-
гине жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев