КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-декабры № 606 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басарыжана Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-нин орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүболуп дайындалышсын. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-ж., N 3, 126-ст.)төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 9-статьяда: - биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менентолукталсын: "- аскердик багыттагы продукцияны жана кызматтарды иштеп чыгуу,чыгаруу жана сатуу;"; - статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү: аскердик багыттагы продукция деп төмөнкүлөр түшүнүлөткуралдануу, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер,интеллектуалдык ишмердиктин жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын мый-замдары менен аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-тех-никалык жагындагы маалыматтар. Аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү дептөмөнкүлөр түшүнүлөт - ремонт, модернизациялоо боюнча иш, куралдарды,аскердик техниканы утилдештирүү, ошондой эле ташуу, жеткирүү жана сак-тоо.". 2-статья. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнөкирет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти