Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-декабры № 612 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун калктуу конуштарынын жана көрүстөндөрүнүн аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун аймагын-да жайгашкан айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү мак-сатында, Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагыЫсык-Ата районунун 461,5 га жерин, анын ичинен Айыл чарба жерлерин кай-ра бөлүштүрүү фондунун - 419,4 га жерин берүү жөнүндө сунушу кабылалынсын, анын ичинде: - калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн: Ак-Кудук айылдык кењешинин - 4,0 га сугат айдоосу; Бирдик айылдык кењешинин - 31,0 га сугат айдоосу; Интернационал айылдык кењешинин - 101,8 га сугат айдоосу; Кочкорбаев айылдык кењешинин - 17,0 га сугат айдоосу; Красная-Речка айылдык кењешинин - 12,0 га сугат айдоосу; Туз айылдык кењешинин - 53,2 га сугат айдоосу; Логвиненко айылдык кењешинин - 66,6 га сугат айдоосу; Ново-Покровка айылдык кењешинин - 13,1 га сугат айдоосу жана 41,2га жайыттары; Нурмамбет айылдык кењешинин - 0,5 га сугат айдоосу; Узун-Кыр айылдык кењешинин - 12,6 га сугат айдоосу; Ысык-Ата айылдык кењешинин - 88,8 га кайрак айдоосу; - көрүстөн жайгаштыруу үчүн: Ак-Кудук айылдык кењешинин - 6,0 га сугат айдоосу; Бирдик айылдык кењешинин - 8,6 га сугат айдоосу жана 0,10 га мада-ний жайыттары; Люксембург айылдык кењешинин - 5,0 га сугат айдоосу. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан төмөнкүлөргө которулсун: - калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн берилүүчү жерлер -"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына; - көрүстөн жайгаштыруу үчүн берилүүчү жерлер - "Өнөр жай, транс-порт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайда-лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, жанаша жайгаш-кан калктуу конуштардын шаар куруу чечимдерин, социалдык-маданий багыт-тагы объектилерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эскеалуу менен курулуш курууга шаар куруу документтерин иштеп чыксын; - жер участкаларына укуктарды берүү жана жер участкаларын бөлүүнүшаар куруу документтери белгиленген тартипте бекитилгенден кийинжүргүзсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев