Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-декабры № 614 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү 2008-жылдын 27-июнундагы № 346 токтомунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуш-тарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоокөрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына ылайык,2008-жылы жазгы себүүнү жүргүзүүгө материалдык-техникалык жана финансы-лык ресурстар менен камсыздоо бөлүгүндө республиканын айылдык товарөндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин өз убагындачечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынанберилген эсептөөлөргө ылайык 2008-жылдын биринчи кварталында төмөнкүкаражаттарды издеп тапсын жана бөлсүн: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу "Соода жана маркетинг борбору" мамлекеттикишканасына айыл чарба техникаларын бир булактан алуу ыкмасында сатыпалуу жана кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн200 млн. сом; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жанакарантин боюнча мамлекеттик департаментине "Мамлекеттик сатып алууларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендердик негизде ми-нералдык жер семирткичтерди сатып алуу жана кийин айылдык товар өндү-рүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн 30 млн. сом. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - айыл чарба техникаларын жана минералдык жер семирткичтерди сатыпалуу боюнча эсептөөлөрдү жана негиздемени 2008-жылдын 15-январына чей-инки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин; - төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизсин: бир айлык мөөнөттө - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүүжана соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигименен бирдикте азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жана айыл чарбасындагыкамсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорло-рун; эки айлык мөөнөттө - бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды натыйжалуупайдалануунун мониторингин жана аны баалоо механизмин киргизүү мененайылдык товар өндүрүүчүлөрдү Мамлекеттик колдоо концепциясынын долбоо-рун, ошондой эле айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алууларсистемасын түзүү жана иштетүү боюнча экономикалык негиздемесинин эсеп-төөлөр методикасын; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктү-рүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте "Товардык жана финансылык жар-дам катарында мамлекет тарабынан алынган же тартылган мамлекеттик кре-диттердин эсебинен сатып алынган минералдык жер семирткичтер, күйүү-чү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка ма-териалдык-техникалык ресурстар түрүндөгү товардык кредиттерди берүү жа-на бөлүштүрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-ноябрындагы № 670 токтомунаылайык сатып алынган айыл чарба техникаларын жана минералдык жер семир-ткичтерди өз убагында бөлүштүрүүнү жана тариздөөнү камсыз кылсын. 2-1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети айыл чарбатехникасы айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген датадан тартып бажы тө-лөмдөрүнүн шарттуу түрдө эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенметоктотулган деп эсептесин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 346токтомунун редакциясына ылайык) 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев