КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры № 620 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туура-луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрикөрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсызкылуу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1993-жыл, № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоо киргизилсин: 1. 16-статьянын биринчи бөлүгүндө "23-статьясында" деген сөздөр"23-статьянын "а)" пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "23-статья. Пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмү Майыптыгы боюнча пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмдөрү төмөнкүдөй бел-гиленет: а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун ичиненсогуштун I топтогу майыптарына - эсептик көрсөткүчтүн 175 процент, IIтоптогуларга - 150 процент, III топтогуларга -100 процент өлчөмүндө;"; б) мөөнөттүү кызматтын старшиналарынын, сержанттарынын, ефрейтор-лорунун жана улук матросторунун ичинен майыптарга - ушул статья мененсолдаттардын жана мөөнөттүү кызматтагы матростордун ичинен майыптаргакаралган пенсиялардын тийиштүү эњ аз өлчөмүнүн 110 проценти өлчөмдө,прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн ашык кызматтагы аскер кыз-матчылардын, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызмат-тын, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттигинин, финан-сылык полициянын, атайын байланыш кызматынын жетекчи жана катардагы ку-рамындагы адамдардын ичинен майыптарга - 120 проценти, ал эми ички иш-тер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык-аткаруу сис-темасынын органдарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Бањ-гизатка контролдук агенттигинин, финансылык полициянын, атайын байланышкызматынын офицердик курамынын жана жетекчи курамынын (кенже курамданбөлөк) ичиндеги майып адамдарга - 130 проценти өлчөмдө; в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен ас-кердик кызмат өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинжоюуга байланыштуу же жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объ-екттерде жумуштарды аткарууда же согуштук аракеттерди жүргүзүп жатканөлкөлөрдө интернационалдык милдетти аткарууда майыптык алган (I, II,III топтор) башка майыптарга - 300 сом өлчөмдө жана андан кийин мурункужылдагы орточо эмгек акынын (республикада иш жүзүндө болгон) 15 процен-тинен кем эмес дењгээлде кармалат.". 3. 39-статья төмөнкүдөй мазмундагы "в)" пунктчасы менен толуктал-сын: "в) Аскер кызматын өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги жана башкажарандык же аскердик арналыштагы атомдук объектилерде болгон кырсыктар-дын кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууда жүргөн мезгилдеже согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан башка өлкөлөрдө интернационал-дык милдет аткарууда каза болгон мөөнөттүү аскердик кызматтагы солдат-тардын жана матростордун үй-бүлөлөрү үчүн -ушул Мыйзамдын 23- статьясы-нын "в)" пунктчасына ылайык чектелген, багуучунун мүмкүн болгон пенсия-сынын 50 проценти." 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти