КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры № 624 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылдык кењешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Пан-филов айылдык кењешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов ра-йонунун Курама айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылдык кењешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Панфилов районундагы Панфи-лов айылдык кењеши Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов райо-нунун Курама айылдык округу деп өзгөртүп аталсын. 2-статья. Бул айылдык кењешти өзгөртүп атоо менен байланышкан бардык чыгым-дар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти