Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-декабры № 626 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-жылдын декабрындагы жана 2008-жылдын январындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө Жумуш убактысын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Респуб-ликасынын Эмгек кодексинин 94 жана 113-статьяларына ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Дем алыш күндөрү төмөнкүдөй которулсун: - иш жуманын беш күндүк графиги боюнча иштөөчү ишканалар, уюмдаржана мекемелер үчүн: 2007-жылдын 29 жана 30-декабры - тиешелүү түрдө 2008-жылдын 2 жана3-январына; 2008-жылдын 12-январы - 2008-жылдын 4-январына; - иш жуманын алты күндүк графиги боюнча иштөөчү ишканалар, уюмдаржана мекемелер үчүн: 2007-жылдын 30-декабры - 2008-жылдын 2-январына; 2008-жылдын 13-январы - 2008-жылдын 3-январына. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министри И.Чудинов