Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-декабры № 629 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2008-жылдагы жазгы айдап себүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууда аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 237 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн, облустардын жана ра-йондордун үрөнчүлүк чарбаларын, өзгөчө жаратылыштык-климаттык шарттарыоор жана катаал бийик тоолуу региондорун процентсиз кредиттөө түрүндө2008-жылдагы жазгы айдап себүүгө жаздык буудайдын жана жаздык арпанынжогорку сапаттуу үрөндөрү менен өз учурунда камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2008-жылдагыжазгы айдап себүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү жанакүйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууда аларга мамлекеттикколдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын21-июнундагы № 237 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пунктунун экинчи абзацындагы "2007-жылдын IV кварталынын башта-лышында" деген сөздөр жана цифра "2008-жылдын I кварталынын башталышын-да" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын. Премьер-министри И.Чудинов