Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 29-декабры № 630 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 478 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөт токтом кылат: "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялыкконкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү туура-луу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 478токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пункттагы "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2008-жылдын 1-ма-йына чейинки мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" эл аралыкаэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ве-домстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасы-нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардамдар страте-гиясы башкармалыгынын начальниги С.М.Ахматов киргизилсин; - ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан З.К Өмүрка-нов чыгарылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов