КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-декабры № 635 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри аталган мыйзам долбооруКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө Бул Мыйзам аскер кызматчыларынын жана аскердик жыйындарга чакырыл-ган жарандардын (мындан ары - аскер кызматчылар) алар аскердик кызмат-тын милдеттерин аткарууда мамлекеттик менчикте турган жана аскердик бө-лүктөргө бекитип берилген мүлккө келтирген зыяндары үчүн материалдыкжоопкерчиликтин шарттарын жана өлчөмүн, ошондой эле келтирилген зыяндынордун толтуруу тартибин аныктайт. 1-статья. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Бул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтө-рүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралганаскердик түзүмдөрдө жана органдарда чакыруу жана келишим боюнча аскер-дик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына тийиштүү. 2-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдону-лат: аскердик бөлүктөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ас-кер кызматчылар кызмат өтөгөн аскердик башкаруу органдары (мыйзамда ас-кердик кызмат каралган министрликтер, ведомстволор, аскердик топтор),кошуундары, аскердик бөлүктөр, кесиптик билим берүүнүн аскердик билимберүү мекемелери; командирлер (башчылар) - аскердик бөлүктөрдүн командирлери (башчы-лары) жана алардын орун басарлары, аскердик бөлүктөрдүн түзүмдүк бөлүк-чөлөрүнүн командирлери (башчылары) жана алардын орун басарлары; аскердик бөлүктүн мүлкү (мындан ары - мүлк) - мамлекеттик менчиктеболуп, аскердик бөлүккө бекитип берилген куралдардын, аскердик техника-нын баардык түрлөрү, ок-дарылар, күйүүчү-майлоочу материалдар, отун,азык-түлүк, буюмдук мүлк жана аскердик мүлктөрдүн башка түрлөрү, жераянты, имараттар, курулмалар, акча жана баалуу кагаздар, башка матери-алдык каражаттар; анык зыян (мындан ары - зыян) - аскердик бөлүктүн мүлкүн жоготууже зыян келтирүү, жоголгон же зыян келтирилген мүлктүн ордун толтурууүчүн аскердик бөлүктүн чыгашалары, ошондой эле аскердик бөлүк тарабынанысыраптаган акчалай төлөмдөр. 3-статья. Келтирген зыяны үчүн аскер кызматчыларын материалдык жоопкерчиликке тартуунун шарттары 1. Аскер кызматчылары алардын күнөөсү боюнча келтирилген анык зыянүчүн гана материалдык жоопкерчилик тартышат. 2. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууданбашка учурда келтирген зыяндары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыкмыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат. 3. Жыйынтыгында материалдык зыян келтирилүүчү иш-аракеттерди атка-руу түздөн-түз көрсөтүлгөн командирдин (башчынын) буйругун аткаруунунайынан, ошондой эле кызматтык тобокелчиликтин, адамга байланыштуу эмескүчтөрдүн (жер титирөө, өрт, суу ташкыны, жер көчкү жана ушул сыяктуубашка кубулуштардын) айынан болгон, укуктук ченемдүү иш-аракеттердиннатыйжасында келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларын материалдыкжоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 4. Аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилген зыян анык-талгандан кийин үч жыл өткөнгө чейин материалдык жоопкерчиликке тарты-лышы мүмкүн. 4-статья. Аскер кызматчыларынын чектелген материалдык жоопкерчиликтери 1. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда байкабастыктан болгонзыяны үчүн келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошон-дой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандар материалдык жоопкерчи-ликти келтирген зыянынын өлчөмүндө, бирок бир айлык маянасынан көп эместартат; милдеттүү тартипте чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жатканаскер кызматчылары, - бул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нор-мативдик укуктук актылары менен материалдык жоопкерчиликтин башка өл-чөмдөрү белгиленгенден башка учурларда эки маянасынын өлчөмүнөн көпэмес тартат. 2. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан, контейнерлердин,вагондордун жана автомобилдердин туруп калгандыгы, аткарылган иштердинкөлөмүн көбөйткөндүгү, салыктарды жака башка милдеттүү төлөмдөрдү тие-шелүү бюджеттерге өз убагында төкпөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн айыптөлөөсүнө байланышкан зыяндын болушуна күнөөлүү аскер кызматчылары кел-тирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок бир айлык эки маянадан көп эмес мате-риалдык жоопкерчилик тартышат. 3. Буйруктары, тескемелери мүлктү каттоонун, сактоонун, пайдала-нуунун, чыгымдоонун, ташуунун белгиленген тартиби бузулушуна алып кел-ген, же анын уурдалышын, жок кылынышын, бузулушун, жарабай калышын,ашыкча акча төлөнүшүн болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же аскер-дик бөлүккө келтирилген зыяндын күнөөлүү адамдар тарабынан төлөнүшүүчүн чараларды көрбөгөн командирлер (башчылар) келтирилген зыяндын өл-чөмүндө, бирок эки айлык маянасынан көп эмес материалдык жоопкерчиликтартышат. 4. Аскер кызматчысын (жарандык персоналды) аскер кызматынан (иш-тен) мыйзамсыз бошотууга, жарандык персоналды башка ишке мыйзамсыз ко-торууга, аскер кызматчысын (жарандык персоналды) аскердик бөлүктүн шта-тында (штаттык расписаниеде) каралбаган кызмат ордуна же факт жүзүндөээлеген кызмат ордунан жогору акы төлөнүүчү кызматка мыйзамсыз дайында-гандык үчүн күнөөлүү аскердик бөлүктүн командирлери (башчылары) аскеркызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз бошотуунун, жарандык персо-налды башка ишке мыйзамсыз которуунун, аскер кызматчысын (жарандык пер-соналды) кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоонун натыйжасында ашыкча акчатөлөнгөнү үчүн келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок үч айлык маянасынанкөп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат. 5-статья. Аскер кызматчыларынын толук материалдык жоопкерчилиги Аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурларда зыяндын толук өлчөмүндөматериалдык жоопкерчилик тартышат: - сактоо, ташуу, берүү, пайдалануу жана башка максаттар үчүн мүлкотчеттуулугуна берилген аскер кызматчысы тарабынан зыян келтирилгенде; - аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык мыйзамыменен каралган кылмыштын курамын камтыган аракеттери (аракетсиздиги)менен зыян келтирилгенде, кылмыш иш козгоодо; - мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чы-гымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кыл-мыш-жазык мыйзамы менен каралган кылмыштын курамынын белгилери барэкендигине карабастан атайылап жасаган аракеттердин (аракетсиздиктин)натыйжасында зыян келтирилгенде; - аскер кызматчыларынын атайын жасаган аракеттеринин натыйжасындажабыр тарткан аскер кызматчылардын аскердик-медициналык мекемелерде жа-на саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна чыгымдар болгондо; - өзүлөрүн өз эркинче наркотиктик, токсикалык же алкоголдук масабалга келтирген аскер кызматчылары жоопкерчилик тартышат. 6-статья. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо 1. Келтирилген зыяндын өлчөмү аскердик бөлүктүн мүлкүнүн эсептикмаалыматтарынын негизинде жана зыян келтирүү болгон күнгө карата ошолаймакта (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан аскердикбөлүктөр үчүн, - турган өлкөдө) болгон базар баасына жараша факт жүзүн-дөгү жоготуулар боюнча аныкталат, ал эми аскердик бөлүктөргө борбордош-турулуп алынып келүүчү курал-жарактарга, аскердик техникага, ок-дары-ларга, башка мүлктөргө аларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар та-рабынан аныкталат. 2. Келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирүү болгон күнгө каратабелгиленген нормалар боюнча мүлктүн эскиришин эске алуу менен аныкта-лат, бирок ушул мүлктүн ломунун (утилинин) баасынан төмөн эмес. 3. Аскердик бөлүктүн штаты (штаттык расписаниеси) менен каралбаганкызмат ордуна аскер кызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз дайын-даган учурда зыяндын өлчөмү аскер кызматчысына (жарандык персоналга)төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнгөн эмгек акы) өлчөмү мененаныкталат, ал эми факт жүзүндө аскер кызматчысы (жарандык персонал) ээ-леген кызмат ордунан ашык төлөнгөн кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалганучурда төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнүп берилген айлык акынын)жана факт жүзүндө ээлеген кызмат орду боюнча акчалай үлүштүн (айлыкакынын) ортосундагы айырма менен аныкталат. 4. Бул Мыйзамдын 5-статьясынын бешинчи абзацында каралган учурлар-да келтирилген зыяндын өлчөмү башка аскер кызматчыларынын атайылап жа-саган аракеттеринин натыйжасында жабыр тарткан аскер кызматчыларынынаскердик-медициналык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелериндедарылануусуна кеткен факт жүзүндөгү чыгымдар менен аныкталат. 5. Бир нече аскер кызматчынын күнөөсү боюнча келтирилген орду тол-турулуучу зыяндын өлчөмү күнөөнүн даражасын жана материалдык жоопкерчи-ликтин түрүн эске алуу менен алардын ар бири үчүн аныкталат. 6. Аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартууда аскеркызматчынын бир айлык маянасынын өлчөмү аскердик бөлүктүн командиринин(башчысынын) буйругу чыккан күнгө же зыяндын ордун толтуруу жөнүндөсоттун чечими кабыл алынган күнгө карата аныкталат. 7-статья. Зыян келтирүү болгон учурда кызматтык иликтөө жүргүзүү 1. Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) зыян келтирүү болгонучурда зыяндын себептерин, анын өлчөмүн жана күнөөлүү адамдарды аныктооүчүн кызматтык иликтөө дайындоого милдеттүү. Кызматтык иликтөө дайындооменен бирге товардык-материалдык баалуулуктарды негизги каттоо китепте-ринен чыгаруу жана жетишпестиктерди (уурдоолорду жана жоготууларды)каттоо китебине киргизүү жөнүндө буйрук чыгарылат. Кызматтык иликтөөзыян келтирүү болгон күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аякташы керек. Зарыл учурларда бул мөөнөт баш ийүү тартибинде жогору турган ко-мандир (башчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок бир айдан көп эмес. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын54-статьясында көрсөтүлгөн учурларда командир (башчы) зыян келтирүүгөкүнөөлүү болгон аскер кызматчысын кызмат ордунан четтетүүгө укуктуу. 2. Эгер зыяндын себептери, анын өлчөмү жана күнөөлүү адамдар соттарабынан аныкталса же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн натыйжасын-да аныкталса кызматтык иликтөө жүргүзбөсө болот. 8-статья. Аскер кызматчыларынын зыяндын ордун толтуруусу 1. Бир айлык маянадан ашпаган өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу зы-ян келтирген аскер кызматчысынын акчалай маянасынан кармоо жолу аркылууаскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт. Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан келтирилген зыян-дын ордун толтуруу жөнүндө буйрук баш ийүү тартибинде жогору турган ас-кердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан чыгарылат. Бул статьянын 6-пунктундагы көрсөтүлгөндөн башка учурларда аскеркызматчысынын бир айлык маянасынан ашкан өлчөмдөгү зыяндын ордун толту-руу жөнүндө маселе аскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) доосубоюнча сот тарабынан чечилет. Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) та-рабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо баш ийүү тарти-бинде жогору турган командири (башчысы) тарабынан берилет. 2. Аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (башчысынын) зыяндынордун толтуруу жөнүндө буйругу кызматтык иликтөө аяктаган же соттун че-чими же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн материалдары келип түшкөнкүндөн тартып он күндүк мөөнөттө чыгарылып, аскер кызматчысына кол кой-дуруп билдирилиши керек. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө буйрук он кундук мөөнөттө чыгарыл-баган учурда аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу туура-луу маселе аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (башчысынын) доосубоюнча сот тарабынан чечилет. 3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары аскер кызматын өтөпжаткан аскер кызматчылары келтирилген зыяндын ордун жүргөн өлкөнүн ва-лютасында толтурат. Келтирилген зыяндын ордун жүргөн өлкөнүн валютасын-да толтуруу мүмкүн болбогон учурда (анын ичинде аскер кызматчысы КыргызРеспубликасынын аймагына кетип калса) зыяндын орду зыян келтирүү болгонкүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валюта-нын расмий курсу эсебинде сом менен толтурулат. 4. Аскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) зыяндын ордун тол-туруу жөнүндө буйругу аскер кызматчысы тарабынан жогору турган коман-дирге (башчыга) жана (же) сотко даттанылышы мүмкүн. Зыяндын ордун тол-туруу жөнүндө буйруктун үстүнөн даттануу аскер кызматчысынын акчалаймаянасынан акча каражаттарын кармоону токтотпойт. Зыяндын ордун толтур"жөнүндө буйрук жокко чыгарылган учурда кармалган акча каражат аскеркызматчысына кайра берилет. 5. Зыяндын орду аскер кызматчысы зыян келтирген аракеттери (ара-кетсиздиги) үчүн тартиптик, администрациялык же кылмыш-жазык жоопкерчи-лигине тартылганына карабастан толтурулат. 6. Аскер кызматчысы келтирилген зыяндын ордун акчалай формада женатуралдык түрдө өз эркинче толтура алат. 7. Аскер кызматчысынын акчалай маянасынан соттун чечими боюнчакармоо сот тарабынан берилген аткаруу барагынын негизинде жүргүзүлөт. 8. Келтирилген зыяндын өлчөмү менен аскер кызматчысынын акчалаймаянасынан кармоонун соттун чечиминде аныкталган өлчөмүнүн ортосундагыайырма аскердик бөлүктүн командирине (башчысына) берилген укуктардынчегинде анын чечими менен эсептен чыгарылат. 9. Келтирилген материалдык зыяндын орду толугу менен толтурулганучурда прокуратура, тергөө органдары же сот тарабынан аскер кызматчыны(аскердик жыйындарга чакырылган жаранды) жазык жоопкерчилигинен бошотуужөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн. 9-статья. Аскер кызматчысы аскер кызматынан бошонгон же жањы кызмат ордуна которулган учурда зыяндын ордун толтуруу 1. Материалдык жоопкерчиликке тартылган аскер кызматчысы (аскердикжыйынга чакырылган жаран) келтирилген зыянды аскер кызматынан бошонуу(жыйындын аяктоо) күнүнө чейин толтурбаса, анын калган карызы КыргызРеспубликасынын мыйзамы тарабынан белгиленген аткаруу өндүрүшүнүн эре-желери боюнча төлөнүп алынат. 2. Зыян келтирген аскер кызматчысы (аскердик жыйынга чакырылганжаран) аскер кызматынан кеткен (аскердик жыйынды аяктагандыктан кеткен)жана материалдык жоопкерчиликке тартылбаган учурда андан зыянды төлөтүпалуу аскердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан берилген доо боюн-ча ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдө сот тарабынан жүргүзүлөт. Мын-да бир айлык акчалай маянасынын өлчөмү аскер кызматчысы (аскердик жый-ынга чакырылган жаран) аскердик кызматтан бошонгон (жыйынды аяктаган)күнгө карата аныкталат. 3. Жањы кызмат ордуна которулган учурда материалдык жоопкерчиликкетартылган жана келтирилген зыяндын ордун толтурбаган аскер кызматчысызыяндын ордун белгиленген эсептөө документтериндеги жазуунун негизиндежаны кызмат ордунан толтурат. Эгерде чечим жана зыян келтирген аскер кызматчысын материалдыкжоопкерчиликке тартуу ал жањы кызмат ордуна которулганга чейин ишкеашырылбаса аскердик бөлүктүн командири (башчысы) кызматтык иликтөө, ре-визия, текшерүү аяктаган күндөн тартып же тергөө материалдары же соттунчечими келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аскер кызматчысынматериалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн анын жањы кызмат ордуна зарылболгон материалдарды жиберүүгө милдеттүү. Бул учурда зыяндын ордун толтуруу ушул Мыйзамдын 8-статьясында ка-ралган тартипте аскер кызматчысынын жањы кызмат ордунда жүргүзүлөт. Ас-кердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) зыяндын ордун толтуруу жөнүн-дө буйругу аскер кызматчысынын мурдагы кызмат ордунан ушул пунктта көр-сөтүлгөн материалдар келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөчыгарылат. 10-статья. Аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аскердик бөлүк тарабынанорду толтурулган, аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келти-рилген зыяндын ордун алар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексиндекаралган тартипте жана өлчөмдө аскердик бөлүккө толтурат. 11-статья. Орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн азайтуунун шарттары Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аскер кызматчысынан төлө-түп алынууга тийиш болгон акча каражатынын өлчөмү ушул Мыйзамдын5-статьясынын төртүнчү абзацында каралгандан башка учурларда конкреттүүкырдаалдарды, күнөөнүн даражасын жана аскер кызматчысынын материалдыкабалын эске алуу менен сот тарабынан төмөндөтүлүшү мүмкүн. 12-статья. Акчадан кармоонун тартиби 1. Аскер кызматчысы тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтурууүчүн ар айлык акчалай кармоо айлык акчалай маянанын 20 пайыз өлчөмүнө,ал эми ушул Мыйзамдын 5-статьясынын төртүнчү абзацында каралган учур-ларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн - аскер кызматчысынын ай-лык акчалай маянасынын 50 пайызынан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт. 2. Эгерде аскер кызматчысынын акчалай маянасынан Кыргыз Республи-касынын мыйзамы менен каралган башка акчалай кармоолор жүргүзүлсө, андабаардык акчалай кармоолордун жалпы өлчөмү аскер кызматчысынын айлык ак-чалай маянасынын 50 пайызынан ашпашы керек, мында көрсөтүлгөн кармоо-лордун кезеги Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленет. Товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоолордун, жоготуунун, же-тишпегендиктердин ордун толтуруудан келип түшкөн суммалар республикалыкбюджеттин кирешесине которулууга тийиш. 13-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 13-январындагы N10661-X "Мамлекетке келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларынын матери-алдык жоопкерчилиги жөнүндө" (СССРдин Жогорку Советинин Ведомосттору,1984, N 3, 61-ст.) Указы күчүн жоготту деп табылсын. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти