Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-декабры № 597 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Токтогулдагы карылар жана майыптар үчүн жалпы типтеги "Кара-Каш" интернат үйүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына которуу жөнүндө Карыларды жана майыптарды социалдык коргоо маселелерин натыйжалуу-раак чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2008-жылдын 1-январынан баштап Токтогулдагы карылар жана майып-тар үчүн жалпы типтеги "Кара-Каш" интернат үйү Жалал-Абад облусунунТоктогул районунун мамлекеттик администрациясынын карамагынан КыргызРеспубликасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагы-на өткөрүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-рлиги эки айлык мөөнөттө: - карылар жана майыптар үчүн жалпы типтеги "Кара-Каш" интернатүйүн белгиленген тартипте карамагына алсын; - жогоруда аталган интернат үйдүн уставын иштеп чыксын жана бекит-син; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайыккелтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2008-жылга каратареспубликалык бюджеттин долбоорунда карылар жана майыптар үчүн жалпытиптеги "Кара-Каш" интернат үйүн каржылоого каражат караштырышсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев