Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-январы № 3 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги № 132 токтомунун редакциясына ылайык) 2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ошшаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана жа-быркаган калкка жардам көрсөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынын мэри-ясы: - жабыркаган калктын турмуш-шартын, жеке менчик турак жайларды,коомдук маанидеги объекттерди калыбына келтирүү максатында жүргүзүлүүчүиш-чараларды координациялашсын; - турак үйлөрдү, коомдук маанидеги объекттерди текшерүү, калыбынакелтирүү боюнча иштеген адистерге зарыл жардамды уюштурууга көмөккөрсөтүшсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар министрлиги менен бирдикте 2008-жылдым 1-февралына чейинкимөөнөттө жер титирөөдөн жабыркаган турак үйлөрдүн жана коомдук мааниде-ги объекттердин санын аныкташсын; - 2008-жылдын 1-февралына чейин курулуш материалдарды, конструкци-яларды жана буюмдарды сатуу боюнча соода жайларын ачышсын; - авария абалдагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларыокуусун райондун башка мектептеринде улантышы үчүн 2008-жылдын 1-июлуначейин ташуу үчүн транспорт менен камсыздашсын; - уюмдар, ишканалар, юридикалык жана жеке жактар жабыркаган калккажардамдашуу жана коомдук маанидеги объекттерди калыбына келтирүү макса-тында которуучу акча каражаттарды топтоо үчүн 2008-жылдын 10-январыначейин атайын эсептерди ачышсын. Түшкөн каражаттардын максаттуу пайдала-нылышын камсыздашсын; - келген гуманитардык жардамды комиссиялуу бөлүштүрүүнү жана пай-даланууну уюштурушсун, алардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жооптуукызмат адамдарды дайындашсын; - бузулуунун I-III даражаларына киргизилген коомдук маанидеги объ-екттерди оњдоо боюнча чараларды көрүшсүн; - турак үйлөрдү, мектептерди, республикалык бюджеттин каражаттары-нын эсебинен каржыланчу саламаттык сактоо, социалдык-тиричиликтик, ма-даний маанидеги объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болупчыгышсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: - коомдук маанидеги объекттерди калыбына келтирүү үчүн 2008-жылдын1-февралына чейин төмөнкүдөй материалдык каражаттарды бөлсүн, алардынжеткирилишин камсыздасын жана өткөрүп берсин: Ош шаарынын мэриясына: шифер - 500 такта; тилинбеген жыгач - 20 куб.м; цемент - 5 т; терезе блоктору - 5 даана; ДВП- 1500 кв.м; каалга блоктору - 5 даана; сыр - 500 кг; айнек - 1000 кв. м; арматура - 25 т; КММ - 5000 литр; темир-бетон блоктор - 50 даана; электр эсептегичтер - 60 даана; трансформатор ТП-100 - 3 даана; - Ош облусунун мамлекеттик администрациясына: шифер - 2500 такта; тилинбеген жыгач 40 куб.м; цемент - 15 т; терезе блоктору - 5 даана; каалга блоктору - 5 даана; ДВП - 2500 кв.м; сыр - 500 кг; айнек - 2000 кв.м.; КММ - 10000 литр; трансформатор ТП-100 - 1 даана; электр эсептегичтер - 60 даана; 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - 2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууАрхитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жер титирөөнүнкесепетинен жабыркаган турак үйлөрдү, имараттарды жана курулмалардытекшерүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 2,5 млн. сом бөлсүн; - Ош облусунда жана Ош шаарында болгон жер титирөөнүн кесепеттеринжоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлигин республикалык бюджеттен артыкчылыктуу каржылоо-ну камсыздасын; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош облу-сунда жана Ош шаарында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга бө-лүнгөн материалдык-техникалык запастардын ордун толуктоо үчүн 2008-жыл-дын биринчи кварталында акча каражат бөлсүн; - жер титирөөдөн жабыркаган ар бир абонентке 2008-жылдын ян-варь-мартында ай сайын 150 кВт сааттан электр энергиясынын наркын ком-пенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүүминистрлигине керектүү каражаттарды караштырсын; - төмөнкүлөргө 2008-2009-жылдары республикалык бюджеттен максаттуукаржылоону караштырсын: жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган турак жайды, коомдук маани-деги имараттарды жана инженердик инфраструктураны долбоорлоого жанакур)уга, N 1 жана N 2 тиркемелерге ылайык; турак үйлөрүн калыбына келтирүү үчүн жабыркаган калкка компенсаци-яларды төлөөгө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы N 37"Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында,Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөө-лөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун16-пунктуна ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган калкка фундамент, каркас(тирөөч дубалдарды), чатыр куруу үчүн процентсиз узак мөөнөттүү ипоте-калык ссудаларды берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы N 37"Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында,Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөө-лөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жапа Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун16-пунктуна ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган калкка ипотекалык кредит-терди берген коммерциялык банктардын проценттик ставкаларын жоюуга; "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын курулуш материалдарды,конструкцияларды жана буюмдарды жабдуучу берүүчүлөрдөн сатып алышына,арналган жерине чейин жеткирүүсүнө жана сатууну уюштуруусуна. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги N 132токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте: - 2008-жылдын 1-февралына чейин жер титирөөнүн кесепетинен жабыр-каган турак үйлөрдү, имараттар менен курулмаларды ылдам текшерүүнү кам-сыздасын жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош шаары-нын мэриясына тийиштүү корутундуларды берсин; - имараттарды жана курулмаларды куруунун сапатын контролдосун. Мектептерди жана саламаттык сактоо объекттерин долбоорлоо жана ку-руу боюнча иштерди бирдиктүү координациялоочу орган болуп Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамле-кеттик агенттик аныкталсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги N 132токтомунун редакциясына ылайык) 5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынын мэрия-сы менен бирдикте жер титирөөдөн жабыркаган мектептерде үзгүлтүксүзокуу процессин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн; - жер титирөөдөн жабыркаган объекттерди калыбына келтирүү үчүн ку-рулуш отряддарынын ишин уюштурсун. 6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитети 2008-жылдын январынын аягына чейин өзүнүн аймактыкподразделениелерине турак үйлөрдү жана коомдук маанидеги объекттердикалыбына келтирүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу үчүн2 млн. сом бөлсүн. 7. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы: - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынынмэриясынын катышуусунда "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунунжана "Кант түтүкшифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун баасыменен жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган Ош облусунун жана Ош шаа-рынын калкына цемент жана шифер сатууну уюштурсун"; - "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун жана "Кант тү-түк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун баасы менен цементжана шиферди жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө төмөнкү нормаларбоюнча сатсын: турак үйлөрү 3-категорияда бузулган үй-бүлөлөргө - 2 тоннадан це-мент жана 30 такта шифер; турак үйлөрү 4-категорияда бузулган үй-бүлөлөргө - 3 тоннадан це-мент жана 50 такта шифер; - курулуш материалдарды ташуудагы, сактоодогу жана сатуудагы ко-ромжулуктарды эсепке алууну СССР Соода министрлигинин 1991-жылдын27-ноябрындагы N 95 приказы менен бекитилген Курулуш материалдарды ав-тотранспорт менен ташуудагы, сактоодогу жана сатуудагы коромжулуктардын(сынуунун) нормаларына ылайык жүргүзсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги N 132токтомунун редакциясына ылайык) 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын би-ринчи вице-премьер-министри И.Р.Айдаралиевге жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-январындагы N 3 токтомуна N 1 тиркеме Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган, 2008-жылы пайдаланууга берүү менен республикалык бюджеттин эсебинен 2008-жылы долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги N 132 токтомунун редакциясына ылайык) -----------------------------------------------------------------------|N|Объекттердин аталы-|Бирдик|Кубат-|Бол- |Объекттердин |Заказ-|| |шы, жайгашкан жери |өлчөмү|туулу-|жолд- |курулушу |чы || | | |гу |дуу |-------------------| || | | | |наркы |Башта- |Бүткөрүлүшү| || | | | |(мињ |лышы | | || | | | |сом) | | | ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||1| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------|| |Республика боюнча | | |186299| | | || |бардыгы, анын | | | | | | || |ичинде: | | | | | | ||---------------------------------------------------------------------|| Ош облусу ||---------------------------------------------------------------------|| Карасуу району ||---------------------------------------------------------------------||1|Тогузбулак |Окуучу|100 |8665 |2008- |2008-жылдын|Ош || |айылындагы мектеп |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || | |саны | | |марты |рына чейин |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||2|Бекжар айылындагы |Окуучу|300 |22032 |2008- |2008-жылдын|Ош || |мектеп |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || | |саны | | |марты |рына чейин |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||3|Лангар айылындагы |Окуучу|300 |34744 |2008- |2008-жылдын|Ош || |мектеп |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || | |саны | | |марты |рына чейин |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||4|Фуркат айылындагы |Окуучу|540 |39438 |2008- |2008-жылдын|Ош || |N 101 мектеп |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || | |саны | | |марты |рына чейин |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------|| |Бардыгы | | |104879| | | ||---------------------------------------------------------------------|| Ноокат району ||---------------------------------------------------------------------||5|Күнгөй-Кожоке |Окуучу|422 |40322 |2008- |2008-жылдын|Ош || |айлындагы |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || |Алтын-Казык |саны | | |марты |рына чейин |мамад || |мектеби | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||6|Жар-коргон |Окуучу|540 |41098 |2008- |2008-жылдын|Ош || |айлындагы |орун. | | |жылдын |1-сентяб- |обл. || |Жолдошев |саны | | |марты |рына чейин |мамад || |атындагы мектеп | | | | | |мин. ||-|--------------------------|------|------|-------|-----------|------|| |Бардыгы | |81420 | | | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-январындагы N 3 токтомуна N 2 тиркеме Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган, 2009-жылы пайдаланууга берүү менен республикалык бюджеттин эсебинен 2008-2009-жылдары долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги N 132 токтомунун редакциясына ылайык) -----------------------------------------------------------------------|N|Объект аталышы |Өлчөө |Кубат-|Бол- |Объекттерди |Заказ-|| |жайгашкан орду |бирди-|туулу-|жолд- |куруу |чысы || | |ги |гу |дуу |-------------------| || | | | |наркы |Башта- |Бүткөрүлүшү| || | | | |(мињ |лышы | | || | | | |сом | | | || | | | |менен)| | | ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||1| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------|| |Республика боюнча | | |119776| | | || |бардыгы, анын | | | | | | || |ичинде: | | | | | | ||---------------------------------------------------------------------|| Ош облусу ||---------------------------------------------------------------------|| Өзгөн району ||---------------------------------------------------------------------||1|Мырзараак |Окуучу|540 |46732 |2008- |2008- |Ош || |айылындагы мектеп |орун. | | |жылдын |жылдын |обл. || |(өтмө объект) |саны | | |апрели |1-сентябры |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------------------------------------------------------|| | Карасуу району ||-|-------------------------------------------------------------------||2|Папан айыл өкмөтү- |Койка-|102 |18420 |2008- |2008- |Ош || |нүн Арал айылындагы|лардын| | |жылдын |жылдын |обл. || |оорукана |саны | | |апрели |1-сентябры |мамад || | | | | | | | ин. ||-|--------------------------|------|------|-------|-----------|------|| |Бардыгы | |65152 | | | ||---------------------------------------------------------------------|| Ош шаары ||---------------------------------------------------------------------||3|Орке айылындагы |Окуучу|200 |22812 |2008- |2008- |Ош || |N 34 мектеп |орун. | | |жылдын |жылдын |обл. || | |саны | | |апрели |1-сентябры |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------||4|Жапалак айылындагы |Окуучу|200 |22812 |2008- |2008- |Ош || |N 36 мектеп |орун. | | |жылдын |жылдын |обл. || | |саны | | |апрели |1-сентябры |мамад || | | | | | | |мин. ||-|-------------------|------|------|------|-------|-----------|------|| |Бардыгы | | |45624 | | | |----------------------------------------------------------------------- Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын - министри М.Исмаилов