Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-январы № 6 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кењешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын турак жай курулушун өнүктүрүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын жарандары Б.Эрге-шовго, А.А.Исмаиловага, С.Омаровго, Б.Ж.Жапаевге жана С.Ш.Арвазга жекеменчик укугунда таандык 26,65 жерлерин, анын ичинен 20,65 га сугат ай-доолорун жана 6,0 га кайрак айдоолорун "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуужөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-та жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялардыкамсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов