КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 17-январы № 9 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 6-мартындагы№ 240-IV "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү туура-лу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому 3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министриаталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-сын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: 1. 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн "а)" пунктчасынын биринчи абза-цындагы ", бирок он сегиз жаш курагынан ашпаган" деген сөздөр алып са-лынсын. 2. 9-статьясынын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана посо-биелер" деген сөздөр алып салынсын. 3. 18-статьясынын үчүнчү бөлүгүнүн "г)" пунктчасындагы "он сегизжашка толгонго чейин", "жыйырма бир жашка чыкканга чейин" деген сөздөр"алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 22-статьясында: - биринчи бөлүгүнүн "б)" пунктчасындагы "он сегиз жашка толгондо"деген сөздөр "окуусун бүтүргөндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; - биринчи бөлүгүнүн "в)" пунктчасы "жыйырма бир жашка толгондо"деген сөздөрдөн кийин "же алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөздөрменен толукталсын; - статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Бийик тоолуу шартта жашаган жана Бийик тоолуу жана алыскы зона-лардын тизмесине кирбеген зоналарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барганкары-картањ граждандарга жана баатыр-энелерге ай сайынкы социалдык по-собиени төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык пособие райондук коэф-фициентти эсепке албастан төлөнөт.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти