Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 17-январы № 10 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистигибоюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыздоо жана жалпы би-лим берүүчү жана атайын кесиптик окуу жайлар үчүн бул адистик боюнчапедагог кадрларды даярдоо системасын андан ары өркүндөтүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскер-дик кафедрасы "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча даярдапчыгаруучу деген статус берүү менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жанаспорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы болуп өзгөртүл-сүн. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, N 38 жана 40 да-ректериндеги имараттарды, курулмаларды жана жер участокту Кыргыз мамле-кеттик дене тарбия жана спорт академиясынын балансына өткөрүп берсин. 3. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы окууга өт-көн жана "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча окуп жатканстуденттерди окутууну улантсын. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка маселелердиКыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте бир айлык мөө-нөттүн ичинде, республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегиндечечсин; - бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жанаспорт академиясынын чакырууга чейинки даярдык кафедрасы жөнүндө жобонуиштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн; - Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакыруу-га чейинки даярдык кафедрасынын ишин бюджеттик каражаттардан, аныничинде окутуучуларга эмгек акыларды жана студенттерге стипендиялардыэсептөө жана төлөө менен кошо каржылоону улантсын; - кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жанаКыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын катышуусу менен он күндүкмөөнөттө чакырууга чейинки даярдык боюнча даярдап чыгаруучу кафедранынтовардык-материалдык баалуулуктарын бөлүштүрүү балансын түзсүн жана бе-китсин.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335токтомуна ылайык күчүн жоготту) 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана кор-гонуу, укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов