Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-январы № 14 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-янва-рындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-ара-кеттер программасы (мындан ары - Программа) бекитилсин. 2. Программанын ишке ашырылышын координациялоо жана контролдооКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинежүктөлсүн. 3. Экономиканы стратегиялык жактан өнүктүрүү, ири долбоорлорду жа-на өнүктүрүү программаларын бекитүү жана ишке ашыруу, Программага өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелерине байланышкан норма-тивдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Экономика-лык өнүктүрүү жана соода министрлиги оњ корутунду берген учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан каралаары белгиленсин. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары: - ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөПрограммага ылайык тейлөөчү багыттары боюнча иш-чаралар пландарын иштепчыгышсын жана белгиленген тартипте бекитишсин жана аларды аткарууга ки-ришсин; - ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестенПрограмманы ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эконо-микалык өнүктүрүү жана соода министрлигине отчет берип турушсун. 5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктир-бестен Программаны аткаруу жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттикагенттик менен бирдикте 2008-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө мамле-кеттик бюджеттин чыгашаларынан 1 процент чегинде кластердик негиздемамлекеттик тилди жана туристтик тармакты андан ары өнүктүрүү боюнча арбир багытка карата иш-чараларды каржылоо боюнча сунуштарды даярдасын. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына инфляция боюнча учурдагыкырдаал жана 2008-жылга инфляция боюнча бекитилген максаттуу параметр-лерди аткаруу боюнча мүмкүн болуучу коркунучтар жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигине маалымдап туруу сунушталсын. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынсоциалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча2008-жылдын биринчи кварталы үчүн Программаны өркүндөтүү жөнүндө сунуш-тарын даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов