Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-январы № 17 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Москва шаарында 2007-жылдын 14-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда товар орун алган өлкөдөн өндүрүлгөн деп таанылган шарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын негизинде, мамлекеттик ички жол-жоболорду атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген Москва шаарында 2007-жылдын 14-сентябрында кол коюл-ган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин"Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда товар орун алганөлкөдөн өндүрүлгөн деп таанылган шарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө"
чечими бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына товарлардынКыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгүн тастыктаган сертификаттарды бе-рүүдө аталган
Чечимди жетекчиликке алуу сунушталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Чечимдин күчүнөкириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Респуб-ликасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов