КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-январы № 25 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөнсистемасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кенеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөнсистемасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2001-ж., № 12, 485-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын суммасытиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жылсайын кабыл алынуучу мыйзамында белгиленген өлчөмдө бюджетке чегери-лет." 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти