Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 1-февралы № 35 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыЭкономикалык кызматташтык жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө корея тарапка билдирсин. Премьер-министри И.Чудинов