Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-февралы № 45 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында радиоактивдүү жана уулуу калдыктар бар калдык сактагычтардын жана кен калдыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы кен казуу өнөржайынын калдыктарынын мамлекеттик кадастрына ылайык кен өндүрүшүнүн уу-луу жана радиоактивдүү калдыктары бар 99 калдык сактагыч жана кен кал-дыктары жайгашкан. Ысыккөл облусунун Тоњ районунун Кажысай поселогундагы калдык сак-тагычтан башка бардык калдык сактагычтар жана кен калдыктары Нарын,Майлуусу, Чүй, Сумсар дарыяларынын бассейндеринде жайгашкан жана транс-чегаралык мүнөзгө ээ. 1993-1999-жылдарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштары жанаучурдагы эксплуатациялык жумуштар кез-кези менен жүргүзүлгөн, калдыксактагычтардын көп бөлүгү коркунучтуу табигый процесстердин таасиринекабылат. Калдык сактагычтарды долбоорлоодо жана курууда узак мөөнөттүүиш-чаралар, потенциалдуу коркунучтуу табигый процесстер эске алынганэмес. Көп калдык сактагычтар калктуу конуштардын жанында жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калдык сакта-гычтарда реабилитациялык жумуштарды аткаруунун артыкчылыктарын аныктооменен Биринчи кезектеги иш-аракеттердин комплекстүү программасын иштепчыккан. Программада каралган калдык сактагычтардагы биринчи кезектегиреабилитациялык жумуштардын болжолдуу наркы 1524 млн.сомдон ашыктытүзөт, анын ичинде: Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарынын районунда жайгашкан калдыксактагычтарда - 672 млн.сом; Жалалабат облусунун Чаткал районунун Сумсар поселогунун районундажайгашкан калдык сактагычтарда - 200 млн.сом; Жалалабат облусунун Чаткал районунун Шекафтар поселогунун районун-да жайгашкан кен калдыктарында - 60 млн.сом; Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет поселогундагы калдыксактагычтарда - 80 млн.сом; Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун районундажайгашкан калдык сактагычтарда - 184 млн.сом; Чүй облусунун Кемин районунун Актүз айлынын районунда жайгашканкалдык сактагычтарда - 64 млн.сом; Ысыккөл облусунун Тоњ районунун Кажысай поселогунун районунда жай-гашкан калдык сактагычтарда - 144 млн.сом; Чүй облусунун Кемин районунун Орловка поселогунун районунда жай-гашкан Буурдин калдык сактагычында - 120 млн.сом. 1999-2007-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-нистрлиги 8,8 млн.сом суммадагы авариялык-калыбына келтирүү жумуштарынжүргүзгөн, негизги гидротехникалык жана коргоочу курулмалар оњ абалгакелтирилген, байкоо жүргүзүү тармагы түзүлгөн жана калдык сактагычтар-дын убактылуу коопсуз абалы камсыздалган. Калдык сактагычтарды адамдардын уруксатсыз киришинен коруу ишкеашырылган эмес, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигикалдык сактагычтардын техникалык абалына жана аларга коркунучтуу таби-гый процесстердин таасирине гана байкоо жүргүзөт. Кийинки жылдарда адамдар түстүү металлдарды казып алуу максатындакалдык сактагычтарга уруксатсыз кирген фактылары болууда, бул калдыксактагычтардын жалпы эле сакталышына жана бүтүндүгүнө жана жалпысынаналар жайгашкан райондордогу жерлердин экологиялык абалына терс таасиртийгизет. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (мындан ары - МАГАТЭ)санитардык нормаларына жана эл аралык стандарттарына ылайык радиациялыккоопсуздук боюнча иш-чараларды тийиштүү лицензиясы бар адистешкен уюм-дар аткарууга тийиш. Эл аралык жана улуттук эксперттер калдык сактагычтардын жана кенкалдыктарынын абалына жана реабилитацияланышына баа беришкен. Адистердин маалыматтары боюнча азыркы учурда радиациялык коркунуч-туу экологиялык катастрофалар болуу опурталы жогору, алардан булгануумүмкүндүгү бар зонага Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасы-нын, Тажикстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактарыкирет. Радиоактивдүү калдыктары жана уулуу заттары бар калдык сактагыч-тардын жана кен калдыктарынын коопсуз абалын камсыздоо боюнча чаралардыкөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Рес-публикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги кызыкдар ми-нистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жанааткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте радиоактивдүү жанауулуу калдыктарды кармоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу мамлекеттик органды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштуал органга төмөнкүдөй функцияларды тапшырууну караштыруу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин: - радиоактивдүү жана уулуу калдыктары бар калдык сактагычтарды жа-на кен калдыктарын эксплуатациялоонун жана реабилитациялоонун коопсуз-дугун камсыздоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү; - аткаруу бийлигинин, чарбакер субъекттердин, эл аралык уюмдардынжана донор өлкөлөрдүн калдык сактагычтарды жана кен калдыктарын анданары коопсуз сактоо проблемаларын чечүү боюнча атайын ыйгарым укук бе-рилген органдарынын иш-аракеттерин оперативдүү координациялоону камсыз-доо; - консервацияланган калдык сактагычтарды реабилитациялоо жана ре-культивациялоо боюнча нормативдик документтерди, методикаларды жананускамаларды иштеп чыгуу; - радиациялык жана химиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү илимий-техни-калык маалыматтарды чогултуу, талдоо, жалпылоо жана жањы жетишкендик-терди пайдалануу жана аларды МАГАТЭнин эл аралык стандарттарына шайкешкелтирүү; - уулуу, анын ичинде радиоактивдүү материалдардын жана заттардынкалдыктарын утилдештирүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана көмүү боюнча иш-теген адистешкен уюмдардын иштерин лицензиялоо; - уулуу заттар өндүрүшүнүн калдыктарын ташууну лицензиялоо; - калдык сактагычтарды рекультивациялоо жана реабилитациялоо боюн-ча долбоорлоо жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү; - МАГАТЭ менен кызматташуу. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү прог-раммасынын (ПРООН) жана Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин (ЕврА-зЭс) Интеграциялык комитетинин Секретариатынын 2007-жылдын 7-сентябрын-да кол коюшкан, өкмөттөргө, эл аралык финансылык уюмдарга жана өнүктү-рүү агенттиктерине, жеке сектордун өкүлдөрүнө жана башка уюмдарга Бор-бордук Азияда радиоактивдүү калдыктар менен булгануу мүмкүндүгүнүн кор-кунучу жөнүндө биргелешкен кайрылуусун ишке ашыруу максатында Кыргызс-тандын аймагында жайгашкан уран жана башка абдан уулуу калдыктарды кам-тыган калдык сактагычтар менен байланышкан проблемаларды талкуулоо жанамүмкүн болуучу экологиялык кырсыктардын алдын алуу чараларын иштеп чы-гуу боюнча Жогорку дењгээлдеги эл аралык форум даярдалсын жана2008-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында өткөрүлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты бир апталык мөөнөттүничинде жогоруда аталган Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруукомитетин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буй-ругунун долбоорун даярдасын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялыкведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдиктерадиоактивдүү калдыктары бар калдык сактагычтарды жана кен калдыктарынреабилитациялоо, кармоо жана кайтаруу үчүн керектүү финансылык каражат-тардын көлөмүн аныктасын. 4. Карамагында калдык сактагычтар жана радиоактивдүү калдыктар барэксплуатациялоочу уюмдар жана чарбакер субъекттер радиоактивдүү жанабашка уулуу заттары бар ведомствого таандык объекттердин эксплуатация-ланышын, реабилитацияланышын жана кайтарылышын камсыздашсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дозиметр-дик контролдун приборлорун колдонуу менен калдык сактагычтарды кайтару-учу кызматкерлерди коопсуздук техникасына, адамга радиациялык таасирденсактануунун жана өздүк коргонуу каражаттарын пайдалануунун методдорунаокутууну камсыздасын. 6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлиги тийиштүү министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлиги-нин башка органдары менен бирдикте калдык сактагычтардын жана кен кал-дыктарынын аймактарын кайтаруу жана алардын коопсуз абалын камсыздообоюнча иш-чараларды иштеп чыгышсын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуштарды киргизишсин. 7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касындагы радиоактивдүү калдыктары бар калдык сактагычтар жана кен кал-дыктары менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн инвестицияларды жанагранттарды тартууга көмөк көрсөтсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коркунуч-туу радиоактивдүү жана уулуу заттар таралуучу зоналарда калктын ден со-олугунун абалына медициналык-биологиялык изилдөө жүргүзсүн жана сани-тардык-эпидемиологиялык мониторинг жасасын. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюн-ча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов