КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-февралы № 50 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 9-августундагы №307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүжана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чараларжөнүндө", 2007-жылдын 16-майындагы № 24 "2007-2010-жылдарга өлкөнүөнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республика-сынын туристтик индустриясынын негизи катары мейманкана секторун жанатуристтерди жайгаштыруу каражаттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамле-кеттик агенттик эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Респуб-ликасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонунбирдиктүү мамлекеттик системасын иштеп чыксын жана бекитсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов