Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-февралындагы № 53 «Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 15-февралы № 53 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Респуб-ликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыИнвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоотууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-три бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ин-вестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндөгү макулдашуу ратификациялан-сын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө корея тарапка билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти