КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-февралы № 69 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-ги" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген тиешелүүжөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын. 2. Бүткүл тексти боюнча 10, 13, 25, 46-статьяларды, 116-статьянынэкинчи бөлүгүн жана 156-статьяны кошпогондо, "Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясы", "Кыр-гыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча ко-митет" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Салык кызматы" деген тие-шелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын. 3. 116-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ал-дындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "Бажы органы" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 4. 10, 13-статьяларда жана 116-статьянын экинчи бөлүгүндө "КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча коми-тет" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык-тар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген тиешелүүжөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын. 5. 18-1, 39-статьяларда, 177, 196-1, 196-3 жана 196-4-статьялардынүчүнчү бөлүктөрүндө "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" дегентүрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши"деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын. 6. 25-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка-раштуу Кирешелер боюнча комитет" деген сөздөр алып салынсын. 7. 46-статьяда: - биринчи бөлүктүн 3-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет" деген сөздөр "КыргызРеспубликасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" де-ген сөздөргө алмаштырылсын; - бешинчи бөлүктүн 1-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет" деген сөздөр алып са-лынсын. 8. 69-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка-раштуу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дегенсөздөргө алмаштырылсын. 9. 80 жана 97-статьяларда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин Мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугу боюнча жана Эл өкүлдөр жыйынынынжактыруусу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин жактыруусу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын. 10. 84 жана 101-статьяларда статьялардын аталыштарында жана текст-те "Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр алып салынсын. 11. 88-статьяда "УКК" деген кыскартылган сөз "МУКК" деген кыскар-тылган сөзгө алмаштырылсын. 12. 156-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининалдындагы Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республи-касынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 13. 163-статьяда жана 177-статьянын биринчи бөлүгүндө: - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны"деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген сөздөргө ал-маштырылсын. - "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынытарабынан жактырылат" деген сөздөр алып салынсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти