Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-марты № 69 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мый-зам күчүнө ээ № 468 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруубоюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын17-мартындагы № 142
токтому менен бекитилген Салык алынуучу берүүлөрбоюнча кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама-га төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү салык төлөөчү субъектбюджетке КНС төлөөдө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экс-порттоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин139-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык берилүүчү жана жеткирүү максаты үчүнөндүрүштө пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстардын наркы-нан 3 процент өлчөмүндө белгиленген чегерүүгө укугу бар.". 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өзүлөрүнүн чечимдерин ушултоктомго ылайык келтирсин. Премьер-министри И.Чудинов