Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-марты №71 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "I жана II топтогу майыптар коомунун жана Кыргызстандагы сокурлар жана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 576 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 106-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "I жана II топтогу майыптар коомунун жана Кыргызстандагы сокурларжана дүлөйлөр коомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу иш-каналарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1999-жылдын 25-октябрындагы № 576
токтому менен бекитилген Кыргызстан-дагы I жана II топтогу майыптар коомунун жана сокурлар жана дүлөйлөркоомунун кирешеге нөлдүк өлчөм боюнча салык салынуучу ишканаларынынтизмеси төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун "Медикос" медициналык бор-бору" ЖЧКсы".". Премьер-министри И.Чудинов