Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-марты № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы
"Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорт-
тук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" № 464
Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле импорттук-экспорттук жол-жоболорду
өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329
"Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органда-
ры менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин
камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүн-
дө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-пункттагы "Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий
өнүктүрүү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукциянын адамдын
ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемио-
логиялык (гигиеналык) корутундусунун жыйынтыгын таануу тартибинин
2.4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиология-
лык кызматынын аккредиттелген органдарына же мекемелерине берүү үчүн
зарыл болгон документтердин тизмесине төмөндөгүлөр кирет:
- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундунун жыйынтык-
тарын таанууга арыз;
- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутунду же ал кору-
тундунун өзүн кармоочунун же корутунду берген органдын мөөрү менен
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- товар өндүрүүчү тарабынан берилген сыноолор протоколу, сапаты
тууралуу күбөлүк;
- атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан (тамак-ашка биологиялык
активдүү кошулмалар үчүн) продукцияга берилген каттоо күбөлүгү.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологи-
ялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пунктунун үчүнчү
абзацы "тапшырылган документтерди" деген сөздөрдөн кийин ", санитардык
эрежелердин жана нормалардын талаптарына ылайык техникалык-эксплуатаци-
ялык картанын маалыматтарын тастыктаган" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
аймагына алып келүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык тек-
шерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пункту төмөндөгүдөй ре-
дакцияда баяндалсын:
"2.3. Арыз берүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык
текшерүү жүргүзүүгө арыз берет.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Потенциалдуу уулуу хи-
миялык заттарды мамлекеттик каттоонун тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
2.3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.3. Потенциалдуу уулуу химиялык заттардын мамлекеттик каттоодон
өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн арыз берүүчү төмөндөгүдөй доку-
менттерди тапшырат:
- потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткө-
рүүгө арыз;
- химиялык заттар тууралуу маалыматтардын тизмеси.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
2.5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2.7-пунктундагы "бардык керектүү документтер тапшырылгандан кийин"
деген сөздөр "потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо-
дон өткөрүүгө арыз берүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022 - жылдын 20 - майындагы № 267
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри И.Чудинов